Учкучсуз учактар Инжирлик аба базасынан чабуулга өтө турган болду

357
0

АКШ президенти Барак Обаманын ИШИМге каршы күрөшү боюнча атайын өкүлү Жон Аллен менен Түркия тышкы иштер министринин кеңешчиси Фаридин Синирлиуглы ортосунда эки күнгө созулган сүйлөшүүлөр артынан келишимге кол коюлду. Бүтүмгө ылайык, жабдылган учкучсуз учактар Инжирлик аба базасынан абага көтөрүлүп чабуулду ишке ашырат. Түркия өкмөтү АКШнын бул талабын кабыл кылды.

Газеталарда таркалып жаткан кабарларга ылайык, АКШ Инжирлик аскерий аба базасынан пайдаланууда учкучсуз учактарды, Түркия талап кылгандай, ИШИМ жана Асад режимине каршы ишке салуу милдетин алган. Бирок бир нече күн мурун ИШИМди бутага алуу үчүн абага көтөрүлгөн учкучсуз учактар Асадга каршы катаал күрөш алып барып жаткан Жабхатун Нусра тобуна караштуу машиналарды бомбалагандыгы туурасында кабарлар таркады.

Ошол эле убакта, планга ылайык, 2 даана учкучсуз учак Түркиянын Киршахар шаарында аскерий машыгуудан өтүп жаткан сириялык согушкерлер майданга чыккан убактарында алар басып алган аймактарды коргоо үчүн да ишке салынат.

Түркия тышкы иштер министри Мавлут Чувашуглы эки апта мурун берген баянатында АКШ жана Түркия ортосундагы бул келишимге жакын калгандыгын билдирген эле. Чувашуглынын айтуусунда, Түркиянын Киршахар шаарында аскерий машыгуудан өткөрүлүп жаткан сириялык ортозар оппозициянын өкүлдөрү абадан жардам берүүгө АКШ менен бекем келишип алган.

“Аскерий машыгуудан өтүп жаткан күчтөрдү абадан колдоп-кубаттоо туурасында АКШ менен кызматташтык барбы?” деген суроого Чувашуглы: “Албетте, аларга абадан жардам берүү керек. Бул болбосо долбоордон көздөлгөн максат ишке ашмак беле?” – деп жооп берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here