Пикирдин жашоодогу орду(2)

403
0

بسـم الله الرحمن الرحيم

Пикирлер дегенде үммөттө өз жашоо вакиъси (турмуш чындыгы) туурасында пикирлөө процесси бар экендиги назарда тутулат. Бул процесс ушул Үммөт мүчөлөрүнүн бардыгы вакиълерди күзөтүү убагында ушул вакиълер үстүнөн өкүм чыгаруу үчүн өздөрүндөгү маалыматтарды иштете билүүлөрү менен көрүнөт (т.а Үммөт мүчөлөрү өздөрүндөгү маалыматтарды окуялар үстүндө өкүм чыгаруу үчүн ишете билсе, ошондо аларда пикирлөө процесси пайда болот). Башкача айта турган болсок, бул процесс адамдарда пикирлердин мавжуд экендиги болуп, алар бул пикирлерди жашоодо иштетүү менен жаңылык жарата алышат жана бул пикирлерди өнүмдүү түрдө кайа-кайта иштетүү натыйжасында аларда пикирлөөнүн натыйжалуу тарыйкаты пайда болот. М: орто кылымдарда Европада жүзөгө келген “демократия” мабдасын АКШ өздөштүрүп, мына ушул мабда негизинде эл аралык саясаттагы позициясын 1943-45 жылы өзгөрттү жана 25 жыл ичинде Англия жана Франциядан дүйнө жетекчилигин алып койду (м: 1971 өз долларын алтын түзүмүнүн ордуна алмаштырышы), жада калса, Россияга да өз таасирин киргизе алды (м: доллардын валюта катары таасири). Эмне үчүн Россия мына 25 жылдан бери, өзгөчө, акыркы 15 жылда катуу аракет кылса да, эл аралык саясатта “демоктатия” негизинде өз пайдасына эч бир нерсеге жетише албай жатат? Лекин өз мамлекети болбогон Исламды АКШ өзү үчүн эң биринчи коркунуч деп билип, Россияны коопту деп этибарга албай жатат, эмнеге? Бул нерсени чечүү үчүн да пикир керек.

Жеңилирээк мисал кылып айтсак, пикирлерди иштетпестен, жашоодогу күнүмдүк иштерге көнүп бара берсек, натыйжада, күнүмдүк жашоо айбандык жашоого окшоп калат. Анткени айбандар өз жашоосун ар дайым кылып жүргөн иштери негизинде т.а шарттуу рефлекстер негизинде өткөрөт. М: бир айбан кече каерден тоюп келген болсо, бүгүн да ошол жакка бара берет ж.б. Адам да күнүмдүк иштерди адат катары кылса, пикирлебесе, ал да өз жашоосун жакшылыкка карай өзгөртө албайт. Адам болуп жаралып, айбандардай жашап жатканын кандай түшүнсө болот? Бул үчүн да пикир керек.

Туура, Аллах Таала өкүм кылып койгондон кийин, адамдын өзгөчө пикирге (өкүм чыгарууга) укугу жок. Умар ибн Абдулазиз өз валийлерине: Аллахтын Китебиндегиден өзгөчө пикир болуусу мүмкүн эмес. Албетте имамдардын райы Китепте ал туурасында сөз болбогон, жана дагы ушул темада Расулуллах (с.а.в)дын сүннөттөрү болбогон орундарда болот, – деп кат жазган. Лекин ошол шаръий өкүмдөрдү ишке ашырууда адам акылын иштетет жана ошонун үстүндө жооп берет. Адам өз иштерин өкүмдөр негизинде кылуусу же өзү билгендей жүзөгө чыгаруусуна карап, адамдар бири-биринен айырмаланат. Ар бир ишти шарият негизинде жана андагы тартип боюнча амалга ашырган мусулман менен – иштерди акылы менен чечип, кийин аларга шарияттан далилдерди келтирген адамдын айырмасын түшүнүү үчун да пикир керек.

«… Кимде-ким мойнунда байъаты жок өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр».Муслим риваяты. Демек Набий A ар бир мусулманга мойнунда байъаты болуусун фарз кылды, мойнунда байъаты жок абалда өлгөн адамды жахилият өлүмү менен өлүптүр деп сыпаттады. Байъат болсо бир гана халифага берилет, башка эч кимге берилбейт. Бул ваъийдден сактанып калууну да пикир чечип берет.

Жетекчини башчы кыла турган нерсе да пикир. Ошон үчүн масъулдун райы масъулияттан тышкарыдагы кишинин райына караганда көбүрөөк болот. Имам Алий (р.а) өз хутбаларынын биринде: «Итаат кылынбай турган кишинин райы болбойт» деп абдан туура айткан. Анткени, раъй менен иштер башкарылат жана үммөттөр үстүнөн саясат жүргүзүлөт. Раъй менен хизб амири башка жигиттерге пикирий жетекчилик аркылуу башчылык кылат. Ошон үчүн жигиттер да Үммөттүн өз Исламий жашоосун жаңыдан баштоо үчүн жана өз рисаласын бүткүл дүйнөгө жеткирүү үчүн ойгонуусу максатында раъй менен Үммөт жетекчилигин колго алууга аракет кылат.

Пикирлерди угуучуларга жеткизүүдөгү далилдин мааниге ээ экендиги болсо, далилдин адам хис туйгуларынан, каалоолорунан, майилдеринен алыста туруп бир гана акылдын өзүнө гана жолдонгон хытаб экендигинен келип чыгат. Демек, ал сөз сүйлөөчү менен угуучу ортосунда калыс баа берүүчү жана байтарап өкүм чыгаруучу. Анткени, адам үстүнөн акыл өкүмдарлыгынан күчтүүрөк бирер өкүмдар жок, акыл үстүнөн болсо пикир өкүмдарлыгынан күчтүрөөк болгон бирер өкүмдар жок, пикир болсо бир гана далил менен өкүмдарлыкка ээ болот. Ушундан улам, адамдарга пикирди далилсиз жеткирүүчү киши кудум согуш майданындагы куралсыз аскерге окшойт.

Туура далил келтирилген убакта угуучу адам калыс болсо, мындай далилге жакшы мамиле билдирбеске аргасы жок. Угуучу текебер адам болсо, сыртынан тан албаса да, мындай далилге ичинен жашыруун жакшы мамиле билдирүүдөн башка айласы жок. Анткени адам сыртынан туура далилге каршы жооп бере алса да, лекин ал туура пикир же туура раъйдан таасирленбесетен кала албайт. (уландысы бар).

Абу Аюб Муҳаммад

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here