Индиянын премьер-министри Кыргызстанга келди

373
0

 Борбордук Азия республикаларында сапарлап жүргөн Индия премьер-министри Нарендра Моди 12-июнь күнү, Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Темир Сариев жана спикер Асылбек Жээнбековдор менен учурашты.

Атамбаев жана Моди ортосунда болуп өткөн сүйлөшүү учурунда эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда өз ара кызматташтыкты күчөтүү менен катар, аскердик тармакта да мамилелерди бекемдөө маселелери каралды.

 Индия өкмөтү Кыргызстандын Коргоо министрлигине мобилдик аскерий талаа госпиталын тапшыруу менен бирге, кыргыз аскерлерин даярдоого жана аскердик технология жагынан жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. О.э аскердик тармакта кызматташтык кылууга байланыштуу документтерге кол койду.

Кыргызстан премьер-министри Темир Сариев Нарендра Моди менен учурашуу учурунда Кыргызстан менен Индия ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык деңгээли эки мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнө дал келбешин жана анын көбөйүшү керектигин айтты.

“Эки мамлекет ортосундагы жылдык соода айлануу 38 млн. долларды түзөт жана биз бул көрсөткүчтү 200 млн долларга чейин жеткизүүбүз керек”, – деди Сариев.

Сариевдин пикиринче, экспорт-импорт операцияларынын өлчөмүн жогорку технологиялар, айыл-чарба, жеңил өнөр-жай жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө акча салуу менен көбөйтүү мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here