“Орто Азия – Түштүк Азия 1000” долбоору батыш колонизаторлугунун дагы бир долбоору

406
3

“Орто Азия – Түштүк Азия 1000” долбоору батыш колонизаторлугунун дагы бир долбоору

Кабар:

30 июл күнкү Avesta TJ таркаткан кабарга ылайык, “Орто азия – Түштүк азия 1000” (СASA) долбоору айланасындагы келишимдин акыркы документтерине кол коюу 2015-жылы июль айынын акырында ишке ашырылуусу пландаштырылууда.

Шарх:

“Орто Азия – Түштүк Азия 1000” долбоору – бул Орто Азия аркылуу Афганистан менен Пакистанга чеин энергия узатуу линияларын куруу боюнча даярдалган долбоор. Энергия узатуу линияларынын Кыргызстандан Тажикстанга чейинки узундугу 477км ди, Тажикстандан Афганистан аркылуу Пакистанга чейинки узундугу 750км ди түзөт. Бул долбоордун курулуусу Тажикстанда 2015-жылы,  Кыргызстанда болсо 2016-жылдын башында башталып, 2018-жылы бүтүрүү пландаштырылган. Ушул долбоор алкагында 1300 Мегаватт электр энергия узатып берүү сунуш кылынган. Долбоордун жалпы каражаты 17.1 миллиард долларга бааланууда.

Бир караганда бул иш 31 миллион афган калкынын жана 190 миллион Пакистан калкынын электр энергияга болгон муктаждыгын кандырууга каратылган, деген ой пайда болот. Лекин таң калыштуусу, бул долбоор – Афганистан менен Иракка аскерий чабуул кылган – мына ушул колонизатор Америка менен Британиянын долбоору.

2015-жылы 12-13-июнь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында “Орто Азия – Түштүк Азия 1000” долбоорунун иши боюнча бардык шериктештердин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга колонизатор мамлекеттер жана алардын куралдары болгон Бүткүл дүйнөлүк банк, Ислам өнүгүү банкы, USAID, Британия эл аралык шериктештик министрлиги жана дагы бир канча донор уюмдар катышты.

2014-жылдын жазында Бүткүл дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши “Орто Азия –Түштүк Азия 1000” долбоору үчүн кредит жана гранттар түрүндө  526,5 миллион доллар көлөмүндөгү акча-каражатын бөлүүнү макулдады. Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан жалпы бөлүнгөн акчадан Афганистанга 316,5 миллион АКШ доллары грант түрүндө, Пакистанга 120 миллион АКШ доллары кредит түрүндө, Кыргызстанга 45 миллион АКШ доллары грант жана кредит түрүндө, Тажикистанга болсо 45 миллион АКШ доллары грант түрүндө берилет.

“Орто Азия – Түштүк Азия 1000” түзүмү аркылуу электр соодасы үчүн белгиленген электр энергия иштеп чыгаруучу станциялар бар. Мисал катары Кыргызстандагы “Токтогул ГЭС”, Тажикстандагы “Нурек ГЭС”терин келтирүүгө болот. Ушундай болушуна карабай, Тажикстандын энергетика жана суу-чарба министринин маалыматтарына ылайык, Тажикстанда ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн 300 миллион доллардан көбүрөөк акча керек болот.

Орто Азиядагы бул эки мамлекет т.а Кыргызстан жана Тажикстан республикалары дүйнөдө үлкөн суу запастарына ээ мамлекеттерден болуп саналат. Ар жылы дарыялар тоолордогу мөңгүлөрдөн ээрип түшкөн суулар менен толуп ташат. Кыргызстан аймагынын 75%ын бийиктиги 7439 метрге жете турган тоолор түзсө, Тажикстан аймагынын 93%ын бийиктиги 7495 метрге жете турган бийик тоолор түзөт. Мамлекеттердеги бул табигый өзгөчөлүктөр аларга дээрлик күч сарптабастан электр энергия иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Үлкөн көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгарып, ГЭСтер курулуусу өнүгүп жатканына карабастан, Орто Азия калктары жайы-кышы электр энергия таңкыстыгынан кыйналат. Орто Азиядагы мамлекеттеринин кайсы бир районунда күн сайын албетте электр энергиясы өчүрүлөт. Мисалы, ушул жылы Тажикстанда айыл калкынын көпчүлүгү бир күндө 8-10 саат электр энергия менен камсыздалган. Мындан тышкары, электр энергия баалары ар дайым өсүп барат. Тажикстандын экономикалык өнүгүү министрлиги таркаткан маалыматка ылайык, электр энергия баалары 2014-жылы орточо 15%га көтөрүлгөн болсо, 2015-жылда 12%га көтөрүлөт.

“Орто Азия – Түштүк Азия 1000” жаңы долбооруунун курулуусу ушул энергия узатуу линиясы курула турган жерлерде жашаган ар бир үйгө да таасир көрсөтөт. Мамлекет аларга акча, үй куруу үчүн жер берүү жана башка нерселер менен жардам берүүсүн жарыя кылганына карабай, алар үй-жайларынан жана жашоо шарттарынан кол жууган абалда, талаада калууда. Натыйжада, алар туугандарынын  үйлөрүндө жашоого же башка кишилердикине көчүп кетүүгө мажбур болушууда. Туракжай таба албагандары көчөлөрдө калууда.

 “Орто Азия – Түштүк Азия 1000” долбоору курулушунун негизги сарп-каражаты мүчө мамлекеттердин мойнуна түшөт. Кыргызстан экономика министрлиги берген маалыматка ылайык, бул долбоорду камсыздоо Кыргызстандын жылдык карызын кыйын абалга, жалпы ички дүң өндүрүмдүн 60%на жакындаштыруусу мүмкүн.

Ушинтип, Америка менен Британия сыяктуу батыш колонизатор мамлекеттери Орто Азия мамлекеттеринин табигый байлыктарына таянуучу долбоорлорду иштеп чыгуу аркылуу алардан өнүмдүү пайдаланууда. Алар Кыргызстанда болобу, Тажикстандабы, кандай ГЭСтерди курбасын, кандай электр энергиясын иштеп чыгарбасын, булардын пайдасы Орто Азия калктарына да, Түштүк Азия калктарына да тийбеген жана тийбейт дагы.

Ушул “Орто Азия – Түштүк Азия 1000” долбоору менен Афганистан аркылуу Пакистанга узатыла турган энергиянын көбү ошол жердеги табигый байлыктарды кайта иштеп чыга турган, батыштык колонизаторлорго кызмат кылган завод жана фабрикаларды иштетүү үчүн керек болот. Даяр продуктулар кемелер аркылуу ташылып кетет, андан түшкөн пайдалары болсо чет элдик банктарга коюлат. Орто Азия жана Түштүк Азия калктары болсо мурункудай, электр энергияга муктаж бойдон кала берет.

Бул көйгөйдүн чечими биздин динибизде бар. Биз Орто Азия жана Түштүк Азия калктары мусулманбыз, Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтиребиз. Ислам биздин динибиз, Аллах болсо Роббибиз. Аллах Өзү Исламды бизге рахмат кылып жиберип, Өзүнүн буйруктарынан бизди ообостукка буйруган. Аллах Таала айтат:

وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَاناً لِّكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَى لِلْمُسْلِمِينَ

              [Нахл:89]

Сага бардык нерсени баян кылып берүүчү, хидаят, рахмат жана мусулмандар үчүн башарат болгон Китепти түшүрдүк.

Хизб ут-Тахрир Борбордук басма сөз бөлүмүнүн радио уктуруусу үчүн

Хизб ут-Тахрир борбордук басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү Элдар Хамзин

3 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here