Тунис өкмөтү негизги эрежелерин карап чыгуусу үчүн Хизб ут-Тахрирге мөөнөт бергени айтылууда. Өкмөттүн талабына ылайык, Хизб ут-Тахрир мына ушул мөөнөт ичинде өзүнүн негизги эрежелерин Тунис конституциясына ылайык абалга келтириши керек.
Тунистин “Шамс FM” жергиликтүү радио компаниясы “Конституциялык мекемелер жана жарандык коом” үстүндөгү жоопкер Камал Жундубийдин сөздөрүнө таянып кабар таркатты. Радионун кабарына ылайык, Хизб ут-Тахрир өз ишмердүүлүгүн, укуктук тартип-эрежелерге ылайыкташы үчүн өкмөт акыркы ирет мөөнөт бериши мүмкүн.
Регион бойлоп сапар уюштурган Тунис президенти Бежи Каид Эс-Себси Хизб ут-Тахрирдин негизги эрежелерин кайрадан карап чыгууну өкмөттөн талап кылганын билдирди. Анын айтымында, бул иш конституцияга ылайык келбеген партияларды четтетүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан куруу максатында ишке ашырылат.
Хизб ут-Тахрирдин Тунистеги расмий сүйлөөчүсү Ризо Билхаж президентти бийликтин чегинен чыгып кеткендиги менен айыптады.
“Өкмөт тарабынан артыкчылык берилген саясий партияларга таасир көрсөтүүгө Эс-Себсинин ыйгарым укугу жок”,-деди расмий сүйлөөчү Ризо Билхаж.
Хизб ут-Тахрир уюшулган күндөн баштап даъват жолунда бирер маддий ишке кол урбагандыгы дос-душманга айдан-ачык белгилүү. Кафир Батыш жана жүрөгү жикке толо кимселер “эки көзү төрт” болуп, Хизбдин ишмердүүлүгүнөн айып издегенине карабай, алигиче койгон дооматтарын тастыктай алышкан жок. Хизб ут-Тахрир айланасындагылардан корккондугу үчүн эмес, Расулуллах салаллоху алейхи вассаламдын тарыйкатына эргешкендиги үчүн ушундай жол тутат. Бирок, маддий ишке аралашпаганына карабай, Тунисте Хизб ут-Тахрир маселеси Суса шаарында ондогон чет элдик туристтердин өлүмүнө себеп болгон чабуулдун артынан карала баштады.