Франция элчиси Тунисте Хизб ут-Тахрирге тыюу салынышын талап кылды

302
0

Франциянын Тунистеги элчиси дүйнөнүн бардык жерлеринде, ошону менен бирге Тунисте да Халифалык долбоорун көтөрүп чыгып жаткан жана ал үчүн бар болгон күчүн аябастан аракет кылып жаткан Хизб ут-Тахрир жана анын даъватына болгон душмандыгын көрсөттү. Анын Хизбге карата билдирген баянаты тууралуу “Gamra FM” маалымат агенттиги кабар таркатты.

Тунисте жүз берген “Террор” окуясынан кийин билдирүү берген элчи Хизб ут-Тахрир уюму Тунис-Франция ортосундагы кызыкчылыктарга коркунуч туудуруп жатканын баса белгилеп, анын ишмердүүлүгүнө тезинен тыюу салууну талап кылды. Франция элчиси Хизб ут-Тахрирге болгон душмандыгын Хизбдин Франция жана Тунис ортосундагы алакаларга коркунуч туудурушу менен түшүндүрдү.

Тунисте ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрир казы Такийюддин Набахоний тарабынан 1953-жылы Куддуста түзүлгөн Хизбдин бир бөлүгү болуп эсептелет. Тунис ынкылабынан кийин 2012-жылы, 17-июлда Хизб ут-Тахрир үчүн Тунисте ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Хизб акыркы кездерде “WinoPetrol” компаниясына катышты. Учурда Тунисте Америка-Франция аскерий базасын куруу долбооруна да каршы чыгууда. Бул болсо, табигый түрдө Франция элчисинин Хизбди жек көрүүсүнө себеп болот.

Туркистон:

Чындыгында Хизб ут-Тахрир бардык жерлерде, ошону менен бирге Тунисте да Батыштын уйкусун качырып жатканы анык. Тунистеги Хизб ут-Тахрир канатынын эң маанилүү адамдарынын бири расмий сүйлөөчү, устаз Ризо Билхаж мамлекетте жүз берип  жаткан ар бир саясий жараянды тынымсыз ачыктап келүүдө. Үммөткө каршы ишке ашырылып жаткан тил бириктирүүлөр жана кыянаттарды удаама-удаа далил-тастыгы менен ачып таштоодо. Куфр мамлекеттери тарабынан өлкө байлыктары талап-тонолушуна тоскоолдуктарды пайда кылуу да ушулар түркүмүнөн. Мисалы: Тунис өкмөтү өз элин алдап, «байлыгыбыз аз, алардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүбүз чектелген» деген мазмундагы жалган билдирүү менен чыккан кезде Хизб ут-Тахрир дароо бул сөздүн жалган экендигин ашкере кылды. Өлкө байлыктары башаламан иштетилишине расмий чөйрөдөгү адамдар сүкүт сактап жатканын жана бул аркылуу адамдарга каршы ишке ашырылып жаткан зулумга шерик болуп жатканын ачып таштады.

О.э. Хизб ут-Тахрир дүйнөлүк конференцияларды уюштуруп, мамлекеттеги жумушсуздук, жакырчылык сыяктуу экономикалык проблемалардын чыныгы чечимдерин үммөткө сунуштап келүүдө. Хизб уюштурган жыйындар жана конференцияларда бардык проблемалардын чыныгы туура чечимдери бир гана Исламда экендиги суроого орун калтырбай турган даражада кеӊири баяндалат. Бул болсо, өз кезегинде Батышка да анын малайларына да жакпастыгы анык.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here