Расмий өкмөт Рамазан айында да мусулмандарга каршы күрөшүн токтотпой жатат

252
0

 Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабар беришине, ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында Хизб ут-Тахридин мүчөлөрү кармалган.

 Башкармалыктын билдиришинче, ИИМдин 10-бөлүмү тарабынан Бишкек шаарында диний экстремисттик жана террористтик аракеттер жайылышынын алдын алуу максатында 21-июндан 28-июнга чейин “Экстремист” деген аталышта ыкчам-иликтөө жана профлактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн.

 Иш-чара учурунда борбордун аймагында диний экстремисттик мазмундагы адабияттарды таркатуу боюнча жети абал аныкталган жана Хизб ут-Тахрирдин эки ячейкасы ашкере кылынып, алардын бири уюмдун аялдар канаты болгон.

 Расмий өкмөт колонизатор мамлекеттер бере турган арзыбаган материалдык байлыктарга ээ болуу, алардан алкыш алуу үмүтүндө Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп  жаткан күрөшүндө мубарак Рамазан айынын урматын сактоону да унутуп коюуда.

 Мындан бир аз мурда Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев медреселерде олуттуу текшерүүлөр жүргүзүлүшү зарыл экендигин баса белгилеп, бул милдетти ИИМ жана УКМКнын мойнуна жүктөгөн эле. Өз кезегинде күч органдары алардын буйруктарын аткаруу жолунда аша чаап жатышканы жана бул буйруктардан материалдык байлык таап алуу аракетинде болуп жатышканы эч кимге сыр эмес. Албетте, мындайлар күч органдары сабында көпчүлүктү түзбөсө да, бар экендиги анык.

 Ошондой болгон соӊ биз күч органдарына да, аларга ушундай буйрук жана көрсөтмө берип жаткан саясатчыларга да убакыт барында эстерин жыйып алышын, улуу Рамазан айында мусулмандардан дубаи бад эмес, тескерисинче дубаи хайр алууну насаат кылат элек.

 Пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллу алайхи ва салламдан риваят кылынган хадисте:

“Мазлумдун дубасынан корккула. Себеби, ал менен Аллахтын ортосунда тосук-парда болбойт”, – деп айтылган

 (Имам Термизий риваяты).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here