БУУнун Түштүк Судан боюнча миссиясы мамлекеттин ичкерисинде мамлекеттик армия жана ага караштуу болгон куралдуу топтор ишке ашырган жырткычтык кылмыштар тууралуу отчёт чыгарды. Отчётко ылайык, Түштүк Суданда өлтүрүүлөр, кол салуулар, тирүүлөй өрттөп жиберүү жана талап-тоноо окуялары болуп көрбөгөндөй күчөгөн.
Чынчылдыгына ишенсе боло турган 115 мазлумдун сөздөрүнө таянып чыгарылган БУУ миссиясынын отчётунда айтылышынча, мамлекеттик армия жана ага караштуу болгон куралдуу топтор түштүк Суданда тынч жарандарды аёосуз кыргын кылган, үйлөр жана дүкөндөрдү талап-тоногон, айылдарды талкалап, 100 миӊден ашуун адамдарды үй-жайларын таштап кетүүгө мажбур кылган. “Rubkona”, “Guit”, “Koch”, “Leer” жана “Mayom” аймактарында эсепсиз кыз-келиндердин намысына кол салып, андан кийин тирүүлөй өрттөп жиберишкен.
“Белгилүү адамдардын айтышынча, Түштүк Судан армиясы өтө көп сандуу аялдар жана кыздарды зордуктап, өз үйлөрүндө тирүүлөй өрттөп жиберген”, – деп айтылат БУУ миссиясынын отчётунда.
БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү Эллен Маргрете Лей болуп өткөн окуяларды текшерип чыгуу жана бул укмуштуудай кылмыштар үстүндө иликтөө жүргүзүү керектигин баса белгиледи. Лейдин айтымында, БУУнун укук коргоочулары кылмыш болгон аймактарга кириши үчүн Түштүк Судан өкмөтү мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек.
Туркистон:
Кээ бир статистикалык маалыматтарга ылайык, Түштүк Судан калкынын 18%ын мусулмандар, 17%ын насронийлер, 65%ын динсиздер т.а. бутпарастар түзөт. Бирок чыныгы эсептерге ылайык, мусулмандар Судан түштүгүндө 30%дан ашат. Насронийлер болсо 7%дан ашпайт.
Түштүк Судан жерлери нукура Исламий жер болуп эсептелет. Ал жер миладий 19-кылым, хижрий 12-кылымдын баштарында Халифалык мамлекетинин курамына кошуп алынган. Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин Британиянын колониясына айланды. Андан кийин аны Британиядан Америка мурас кылып алды. АКШ ал жерде өзүнүн таасирин бекемдөө үчүн Судан түштүгүн түндүгүнөн бөлүп таштоо жолун издей баштады. Ошондон кийин 2005-жылы Суданды бөлүү үчүн түзүлгөн Найваша келишимине ылайык, 2011-жылдын баштарында АКШ башчылыгында өткөрүлгөн референдум аркылуу Судан экиге бөлүп ташталды.
Белгилүү болгондой, мусулмандар Суданда бөлүнүү жүз бербей жатып эле өтө көптөгөн куугунтук жана жырткычтык чабуулдарды башынан өткөрүштү. Куран үйрөтүлүүчү кээ бир жерлер жана мечиттер арак чыгаруучу ишканаларга айландырылды. Жаңы мечит курууга тыу салынды жана буга чейинки мечиттер күч менен чиркөөлөргө айландырылды. Ал жерде мусулмандардын өмүрү согуштар менен о.э. малы-жаны жана ар-намысын сактоо үчүн жашынып жүрүү менен өтөт эле. Козголоӊчу Жон Гаранг жетекчилик кылган көтөрүлүштөрдө мусулмандарды куугунтуктоо ого бетер көбөйдү. Анын козголоӊчулары миңдеген мусулмандарды өлтүрүп, мечиттерди өрттөп, ал жерде бузукулук таркатты.
Бүгүнкү күндө Түштүк Суданда кылмыш даражасы эң жогорку баскычка көтөрүлгөндүгүн айтып ызы-чуу салып жаткан БУУнун өзү Судандын бөлүнүшүнө баш-көз болгон. Ушул маселе боюнча өзүнүн Нью-Йорктогу штабында конференцияларды уюштурган.
Үмөттүн көрөр көзү, чын сүйлөөчү тили жана согуп турган жүрөгү болгон Хиз ут-Тахрир уюму болсо Судан бөлүнүшүнөн мурда «дубалдын» артында эмне бар экендигин көрүп, мунун жаман натыйжаларынан катуу эскертти. Мусулман офицерлерди жана элдин арасындагы калыс мусулмандарды буга жол бербестикке чакырды. Улуттук Конгресс мүчөлөрүнөн ыкыластуу мусулмандарга ачык кат да жолдоду. Айлакер Батыштын айла-амалдарын ашкере кылды. Себеби, Хиз ут-Тахрир бул иш шариятка таптакыр туура келбестигинен тышкары, өтө аянычтуу натыйжаларга алып барышын да алдын ала көрө билген болчу.