ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЕТЕКЧИ ТАНДООДО АДАШЫП ЖАТАБЫЗ? (5)

948
0

بسم الله الرحمن الرحيم

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЕТЕКЧИ ТАНДООДО АДАШЫП ЖАТАБЫЗ? (5)

Биз баян кылып келе жаткан бул тармак өтө чоӊ өлчөмдөгү каражатка ээ болгон байлардын т.а. “бизнесмен”дердин тармагы эмес же колонизаторго малайлык кылууну мойнуна алып, өз элине кыянат кылуудан да кайра тартпай турган намысы жоктордун орду эмес. Бул коркок же “хамелеон”дордун майданы эмес. Тескерисинче, бул майдан – ага кирип келе жаткан адам   өзүндө калк үчүн сунуштай турган жашоо жөнүндөгү анык көз карашка ээ болгон о.э. аны ишке ашыруу жолун аныктап даяр кылып койгон жана ушул бекем “проект” боюнча аракет кылып жаткан баатырлардын майданы. Мындай адамдар өз калкына сунуштап жаткан ушул проектиге алгач өздөрү ишениши

жана аны ишке ашыруу үчүн ар кандай тоскоолдуктарды жеӊип өтүүдө бекемдик менен туруулары талап кылынат. Ар кадамда жана ар бир иште ошол проектиден туруп өз мамилесин билдириши керек. “Бизнесинен” о.э. “креслосунан” айрылып калуудан, камалып кетүүдөн же көпчлүктүн үйрөнүп калган жашоо образына каршы сүйлөп, алардын жек көрүүсүнө дуушар болуп калуудан корккон адамдан жакшылык күтүүгө болбойт. Исламды дааба кылып жаткан айрым “аалымдар” сыяктуу саясий кырдаалга карай Исламды да бузуп көрсөтүүлөрү о.э. коркоктугу же наадандыгы себептүү өз калкынын ишениминен пайдалануулары же “демократтар” сыяктуу шайлоо жакындашканда ар бир адам эркин деп шайлоо өткөндөн кийин өз ишеними жана Аллах Тааланын пенделерине неъмат кылып берген динди ошол бойдон, эч кимди алдабастан баян кылып  жаткандардын кылмышкерлерге чыгарылып жатканын тамаша кылып туруусу өздөрүнүн жашоо “проектилерине” ишенбестиктерин же каалаган убакта аны бузуп, ага каршы кадамдарга барууга даяр экендиктерин көрсөтөт. Ошондуктан, келечекте дагы алданбастыгыбыз үчүн бул майданга келе жаткандардан алгач жашоо жөнүндөгү “проектилерин” талап кылып, аны текшерип чыгышыбыз; негизги пикири болгон акыйдасын, андан кийин экономика, социалдык, таалим-тарбия, башка элдер менен орното турган алакалар негизин жана ушул сыяктууларды үйрөнүп чыгышыбыз, андан соӊ муну майданга алып чыгып жаткандар жашоо “проектилерине” канчалык даражада ишенип жаткандарын билишибиз шарт. Себеби, бийликке келип алышкандан кийин жеке кызыкчылыктарын көздөп өз билгениндей же бирөөлөрдүн кызыкчылыгы негизинде иш алып барбастыгы үчүн канчалык сабаттуу экендиктерин билүү өтө маанилүү. Бул ишке ар бир адам алгач акылын негиз кылып, өз өкүлдүгүн берип жаткан лидерди ушул эки жактан т.а. “проектисин” жана ага канчалык ишенип, аны ишке ашыруу жолунда сабаттуу экенин текшерүүгө туура келет, себеби, алар келечекте өкүлдүк ээсинин атынан т.а. сиздин атыӊыздан сүйлөйт жана иш жүргүзөт. Эгерде бул ишке аракет кылып жаткандар бир партия болсо, анда ар бир мүчөсүндө ушул шарттар табылышы керек. Биз качан гана аларга ушундай негизде мамилебизди билдирсек, ошондо гана алар өздөрү да, башка мүчөлөрү да олуттуу болууга жана туура негизден ообостон, бекем турууга бел байлашат, өздөрүн да текшерип чыгышат жана келечекте да ар бир кадамын ойлоп басышат, кылып жаткан иштерине жооп берүү жоопкерчилиги негизинде иш кылышат. Ошондо гана бул тармак аферист, чыккынчылар умтула турган “бизнес” тармагы эмес, тескерисинче дили таза, чынчыл, өз калкы, ар-намысы, жаштарынын тагдыры жана келечеги үчүн эч нерседен коркпой турган баатырлар майданына айланат. Ошондуктан, бул орунда кайдыгер болушубуз өзүбүздү-өзүбүз алдагандык болот, себеби Аллах Таала айтат:

وَمِنْ النَّاسِ مَنْ يَقُولُ آمَنَّا بِاللَّهِ وَبِالْيَوْمِ الْآخِرِ وَمَا هُمْ بِمُؤْمِنِينَ ۩ يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ ۩ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَهُمْ اللَّهُ مَرَضًا وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ ۩ وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ لَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ قَالُوا إِنَّمَا نَحْنُ مُصْلِحُونَ ۩ أَلَا إِنَّهُمْ هُمْ الْمُفْسِدُونَ وَلَكِنْ لَا يَشْعُرُونَ

“Адамдар арасында ушундай кишилер да бар, өздөрү момун болбогон абалда «Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирдик» деп айтышат.  Алар Аллахты жана ыймандуу адамдарды алдамакчы болушат жана өздөрү сезбеген абалда өздөрүн гана алдашат. Алардын дилдеринде мерез-оору бар эле, анан Аллах мерездерин ого бетер ашырып койду. Алар үчүн кылган жалгандары себептүү жан чыдагыс азап бар. Аларга: «Жер жүзүндө бузукулук кылбагыла» деп айтылса, «Биз түзөтүүчү-оӊдоочубуз», дешет. Эсиӊерде болсун, алар албетте бузукулар, бирок өздөрү муну сезишпейт”.  [2:8-12]

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here