“Sputnik”тин кабарчысына “Манас” эл аралык аэропортундагы булактын кабар беришинче, АКШ элчиканасына делген кезектеги “дипломатиялык жүк” 23-июнь күнү Кыргызстанга жетип келди.
Үстүбүздөгү жылдын апрелинде ЖМКлар Украина авиакомпанияларына караштуу Ан-124 “Руслан” транспорттук самолёттору март айында эки жолу “Манас” аэропортуна келип конгону жөнүндө кабар беришкен эле. Ошол самолёттор Бириккен Араб Эмираттарынан АКШ элчиканасы үчүн жалпы салмагы 152 тонна болгон “белгисиз жүк”төрдү жеткирип беришкен эле. Жүктөр дипломатиялык почта деген статуска ээ болгондуктан алар текшерүүдөн өтпөгөн.
Эксперттер АКШ жаңы элчикана куруп жатканы себептүү Кыргызстанга “демократия” кыштарын жана “эркиндик” арматураларын алып келип жатканын божомолдошкон эле. Ошол убакта Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШ элчиканасы май айында да дипломатиялык почта катары катталган 20 тонна жүк алышы жөнүндө маалымат берген.
Булактын кабар беришинче, кезектеги жүк 23-июнь шейшемби күнү таңкы саат 3:00дө жетип келген жана арадан эки саат өтүп аэропорттун аймагынан алып чыгып кетилген.
Белгилүү болгондой, 2015-жылдын февраль айында Ричард Майлз АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси болуп дайындалган эле. Кыргызстан жана Грузия эксперттери бул дайындоо кокустан эместигин жана республика үчүн коркунуч туудурушун айтып чыгышкан эле.
Майлз алгач постсовет республикалардын бири болгон Азербайжанга элчи болуп дайындалган. Ричар Майлз элчилик ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 1992-1993-жылдар аралыгында Гейдар Алиев Абулфаз Элчибей башчылыгындагы улутчул өкмөттү шайлоодо жеӊип чыккан.
1996-жылдан 1999-жылга чейин Майлз Югославияда элчи болуп кызмат кылган жана көпчүлүккө белгилүү болгондой, ошол кезде Косоводо согуш пайда болуп миңдеген албандар кырылган.
Югославиядан кийин 1999-2001-жылдар аралыгында Майлз Болгарияга элчи кылып дайындалган жана 2001-жылдын 24-июль күнү бийликтеги премьер-министр Иван Костов парламенттик шайлоодо батышчыл Симеон Сакскобургготтон жеӊилип калган.
Болгариядагы милдетин ийгиликтүү өтөгөндөн кийин Грузияга элчи болуп келген Ричард Майлз 2003-жылдагы “түстүү революциянын” негизги көсөмү болуп эсептелет.
Туркистон:
Кыргызстан бийлиги эмне үчүн АКШнын шектүү, ал тургай кооптуу деп билип турган жүгүн текшере албайт? Эмне үчүн мамлекеттин коопсуздук түзүмү бул жүктөр кыргыз мамлекетинин коопсуздугу үчүн коркунуч туудуруп жатканын көрүп туруп да бирер чара таба албай жатат? Бул жүктөр балким эч кандай материалдык зыян жеткирүүчү коркунуч туудуруп жатпагандыр. Бирок, ушул жүктөр тынымсыз кирип келе беришинин өзү коркунуч пайда кылат.
Кыргызстан мамлекети жакында эгемендүүлүк күнүн майрамдайт. Бул жалган майрамды түпкүлүгүндө кызыл календардан өчүрүп жиберишсе жакшы болор эле. Себеби, Кыргызстан – башка өзүнө окшогон алсыз мамлекеттер сыяктуу эле – эгемендүүлүккө жетишкен жок. Болгону, бир түзүмдүн кол астынан экинчи бир куфр түзүмүнүн колуна көчүп өттү.
Бул сөздөрүбүз жогоруда тастыкталып жатат. Эгемендүү бир мамлекеттин өзү үчүн коркунуч туудурушунан кооптонуп турган абалда, ал тургай кирип келе жаткан жүктү текшерүүгө кубаты жетпей жатат. Балким, бул жүктүн ичинде бактериологиялык продукциялар же ядролук куралдар бардыр. Эмне биз АКШ чынчыл деп ишенебизби. Анын дүйнөдө жүргүзүп жаткан ушунча ыпылас иштерин көрүп турабыз го.
Ооба, АКШ Кыргызстанга өтө күчтүү жана жаман жабдыктарды алып келүүдө. Бул жабдыктар Кыргызстан үчүн эле эмес, балким бүт регион үчүн коркунуч туудурат. Бирок, ал өзүнүн бул иши аркылуу эки коёнду бир ок менен атмакчы болууда.
АКШ Кыргызстан өкмөтүнө каршы жаңы революциялык тополоңдор коркунучу менен шантаж кылууда. Өкмөт өкүлдөрү болсо, өзүндө эч кандай ишенимдүүлүк калбагандыктан жана аларды бири-бири менен жана жарандар менен байланыштырып туруучу идеологиялык байламта болбогондуктан, бул шантаждардан албетте таасирленет. Себеби, кыргыз өкмөтү менен жарандары ортосунда бири-бирин колдоп жиберишине негиз боло турган эч кандай мамиле калбай жатат. Ошондуктан, өкмөт өз элинин колдоосуна ишене албайт. Ал өз калкын катуу кол саясат менен кармап турууга мажбур болот. Бул болсо, зулумдарды күчөтөт. Зулумдар, ынкылаптык аракеттерге кеңири жол ачат.
Кыргыз өкмөтү – АКШ үчүн ушундай бир кеӊири эркиндиктерди жаратып берген, Кыргызстан үчүн болсо, ал тургай өзүн союу үчүн бычак алып келе жатканын сезип туруп да бул эмне деп сурай албай турган кылып койгон – эл аралык системанын саясатына нааразы болушу керек болчу. Бирок, ошол эл аралык система ага капа болуу мүмкүнчүлүгүн да берген жок.
Кыргыз өкмөтү ошол эл аралык системанын зулумун жаап коюу үчүн, алардын исламий террористтерге бардык нерсени оодаруу саясий айла-амалына кошулуп жүрө берет. Себеби, өкмөт өкүлдөрү ынкылаптардан кийин да ошол системанын кол астында калышат. Кудум, Акаев, Бакиев, Мубарак…. жана алардын үй-бүлөсүндөгүлөр сыяктуу. Ошондуктан, бул өкмөттөрдөн чыныгы зулум кылып жаткан залим системага каршы бирер натыйжалуу аракеттерди күтүүгө болбойт.
Абдураззак.