Путин: “Кыргызстан Россиянын маанилүү союздашы”

364
0

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 18-20-июнь  күндөрү Санкт-Петербург шаарында болуп өткөн эл аралык экономикалык форумга катышты жана ошол сапардын алкагында Россия президенти Владимир Путин менен дагы бир ирет жолугушуп келди.

 Россия президенти менен болгон жолугушууда Атамбаев Кыргызстан 1-июлдан баштап ЕАЭБдин толку кандуу мүчөсү болуп калышынан үмүттөнгөндүгүн билдирди.

 Өз кезегинде Путин да, Кыргызстан Россиянын Борбор Азиядагы маанилүү союздашы экендигин айтып өттү.

 “Кыргызстан Россиянын Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөшү жана союздашы экени туурасында айтуунун зарылдыгы болбосо керек”, – деп баса белгиледи Путин.

 Анын айтымында, азыр Россия менен Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болууга тиешелүү маанилүү чечим кабыл алуунун астында турат.

 “Биз бардык расмий процедураларды эӊ кыска убакытта аяктоо үчүн колубуздан келишинче аракет кылабыз. Менимче, Кыргызстан да ушундай кылат”, – деди Путин.

 Буга жооп иретинде президент Атамбаев Кыргызстан Россиянын аймактагы эӊ маанилүү эле эмес, балким “эӊ ишенимдүү” өнөктөшү да экендигин баса белгилеген.

 “Россия биздин эӊ маанилүү, эӊ жакын стратегиялык өнөктөшүбүз”, – деди Атамбаев.

 Атамбаевдин айтымында, Кыргызстан 1-июлдан баштап ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болууга даярдык көрүп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here