11-сентябрь окуясынан кийин АКШ жана анын союздаштары “Террорго каршы чабуул” шылтоосунда Ирак, Афганистан жана Пакистанга уюштурган чабуулдардын натыйжасында эки миллион карапайым жаран өлтүрүлгөн. Бул тууралуу борбору Америкада жайгашкан “PSR” изилдөө компаниясы отчёт чыгарды. АКШнын 1990-жылы Иракты басып алышы себептүү жана андан кийин киргизилген эмбарго себептүү өлгөн карапайым жарандар буга кошумча кылына кылына турган болсо, бул цифра төрт миллиондон ашып кетет.
97 беттен турган бул отчёт – Ирак, Афганистан жана Пакистанга карата уюштурулган чабуулдарда өлтүрүлгөн карапайым жарандардын санын аныктоо үчүн даярдалган биринчи отчёт болуп эсептелет. Отчётко ылайык, АКШ жана анын союздаштары 2003-жылдан баштап Иракта эӊ эле бери дегенде бир миллион, Афганистан жана Пакистанда 1.3 миллион адамдын өлүмүнө себеп болгон. Булуӊ согушу учурунда болсо БУУнун Иракка киргизген эмбаргосу себептүү 1.7 миллион адам өлгөн. Булардын дээрлик жарымы жаш балдар.
Отчётто айтылышынча, өлтүрүлгөн адамдардын чыныгы саны маалымат каражаттары тарабынан ачыкталбайт. Согуштан кийин Ирактын Нажаф шаарында көмүлгөн 40 миӊ адам расмий цифраларда болгону 344 адам кылып көрсөтүлгөн. О.э. мусулмандар өлкөлөрүнө уюштурулган чабуулдар да азайтып көрсөтүлгөн. Мисалы, 2005-жылы уюштурулган 120га жакын аба чабуулдары болгону “үч жолу чабуул уюштурулду” деп катталган.
Отчётко ылайык, Иракта өлтүрүлгөн 1.7 миллион карапайым жарандын өлүмүндө БУУ жана Батыш мамлекеттери тарабынан Иракка карата киргизилген санкциянын өтө чоӊ таасири болгон.
Туркистон:
Дүйнө элдери мамлекеттердин даражасына карай бир нече тайпаларга бөлүнөт.
Жетекчи мамлекеттер: Булар негизинен ядролук куралга ээ болгон мамлекеттер болуп, алар БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө мамлекеттерден турат. АКШ, Англия, Франция, Кытай, Россия, Германия сыяктуу мамлекеттер ушул мамлекеттер түркүмүнө киришет. Бул мамлекеттердин жарандары дүйнөнүн расмий эмес стандарттарына ылайык, өзгөчө шарттар менен корголушат. Алар дүйнөнүн каалаган жеринде эркин саякат же эркин ишкердик кыла алышат. АКШ жарандары дүйнөнүн дээрлик жарымында визасыз жүрө беришет. Бул мамлекеттер ар бир жаранын коргоо үчүн башка бир мамлекетке каршы согуш ачып жибериши мүмкүн.
Бай мамлекеттер: Бул мамлекеттер экономикалык өнүккөн жана аскерий жактан өзүн коргой ала турган болушу мүмкүн, же бирер жетекчи мамлекет менен шартташкандыктан анын коргоосу астында болушу мүмкүн. Бул мамлекеттердин негизинен өнөр-жайы өнүккөн болот. Алар капиталисттик системанын кризистик табиятын о.э. системанын дүйнөнү бөлүштүрүүдөгү алсыз мамлекеттерди экономикалык жактан талап-тоношун жашыруу үчүн, жакыр мамлекеттерди өз коргоосуна алып, аларга өлүп калбай турган даражада садака каражаттарын берип турушат. Өнөр жайы өнүккөн мамлекеттер башка алсыз мамлекеттерди колония кылуудан жана аскерий өнөр жайларын өнүктүрүүдөн тыйылышы шарт. Бул мамлекеттердин ушул кызматтарынын акысына чоӊ жетекчи мамлекеттер жакыр мамлекеттердин өнөр жайлары өнүкпөстүгүн кепилдеп беришет. Муну болсо БУУ сыяктуу үлкөн уюмдар аркылуу патент системасы сыяктуу бир катар ыпылас системаларды ойлоп таап, аларга эл аралык мыйзамдуу түс берүү менен ишке ашырышат. Натыйжада бул сыяктуу өнөр жайы өнүккөн бай мамлекеттер дүйнөнүн экономикалык базарынын ар бир тармагында кудум жетекчи мамлекеттер сыяктуу эле монополистттерге айланып, ушул даражасын сактап келишет. Бул сыяктуу мамлекеттердин жарандары да эл аралык мыйзамдар негизинде катуу коргоого алынышкан.
Агрардык мамлекеттер: Бул мамлекеттер, саясий, экономикалык, сакафий жана аскерий колония мамлекеттер болуп, алар өз ыктыярынан дээрлик ажырап калган мамлекеттер. Алар жетекчи мамлекеттердин ортосунда талашка түшүп келе жаткан согушуу үчүн бири-бирине каршы стратегиялык чекиттер жана алар үчүн экономикалык огород милдетин аткарып келе жаткан сырьё базалары деген этибардагы мамлекеттер. Бул система турган соӊ жакыр мамлекеттер эч качан бай экономикалык саясатка жетише алышпайт. Алар өнөр жайларын ушул сырьёлордун эсеби менен куруп алышкан жогорудагы жетекчи жана өнөр жайы өнүккөн мамлекеттерди өз сырьёлору менен камсыздап турууга ар дайым мажбурланышат. Муну алар “дүйнөлүк глобалдык экономикалык система” деп аташат. Албетте, бул алсыз тайпадагы мамлекеттер өз жарандарын коргой алышпайт. Жогорудагы жетекчи мамлекеттер да бул мамлекеттин жарандарын коргошпойт. Бул адамдардын, жогорудагы сыяктуу, статистикалык цифралар менен жалпы эсебин гана чыгарып коюшат.
Куфр жетекчилери 11-сентябрь окуясындагы сыяктуу дүйнөнү астын-устун кылып болсо да өз жарандарынын өчүн алууга умтулушат. Ар бир жараны эсепке алынып, өзүнчө ызы-чуулуу окуя кылып дүйнөгө жар салынат.
Демек, дүйнө теӊсиздигинин негизи, капиталисттик система өзүнүн ыпылас башкаруу принциптери менен дүйнө тизгинин колунда кармап келе жаткандыгынан болууда. Ар бир жакыр мамлекеттин жарандары муну түшүнүп жетери менен жана алар өз адамдык баалуулуктары менен өлчөөсү негизиндеги системасын турмушка алып келишмейинче, бузукчулук улана берет. Алар бизди миллиондоп дайынсыз көмүп таштай беришет.