Өзбекстан президенти Ислам Каримов 2010-жылдагы Ош окуялары азыркыга чейин иликтенбегендигинен нааразы. Ал БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун Өзбекстанга болгон сапары учурунда ушул пикирин билдирди.
Пан Ги Мун менен Көксарайдагы жолугушууда Ислам Каримов дароо эле Ош окуялары жөнүндө сөз кылды. Каримов: “2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон чатакты окуялар эмес, тескерисинче согуш деп атоого болот, себеби, ал жерде этникалык кагышуулардын жогорку деӊгээлде курчушу күзөтүлдү. Бирок, Кыргызстан өкмөтү болгон окуя боюнча эч кандай тыянак чыгарбады. Ким согушту баштагандыгы, ким буйрукту аткаргандыгы иликтенбеди. Бул проблема кыргыз жана өзбек тараптары үчүн эле эмес, бүтүндөй Орто Азия үчүн маанилүү маселе болуп эсептелет. Эгерде кылмыштык иш козголуп, тергөө аяктабаса, Орто Азияда адам укуктары жана туруктуулук туурасында сөз кылуунун кереги жок”, – деди жана Пан Ги Мундан Ош окуяларына эл аралык даражада укуктук баа берүүдө жардам сурады.
О.э. Ислам Каримов Ош окуялары убагында Өзбекстан өз чегарасына качып келген 110 миӊ өзбекти кабыл алганын баса белгиледи жана журналисттерге карата: “Бул маалыматты жакшылап эстеп калгыла”, – деди.
Өзбек президенти Пан Ги Мунга анын Ошко болгон сапарын күзөткөндүгүн, бирок, калк менен жолугушуу учурунда Ош окуяларына укуктук баа берүү зарылдыгы туурасындагы маселени көтөргөндүгүн көрбөгөндүгүн айтты. Каримов Ош окуялары жөнүндө айтып жатканда туйгуларга берилгендиги сезилди.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Туркистон: 2010-жылдагы Ош окуялары 2005-жылы жүз берген Андижан окуясы сыяктуу эле ачылбай, ага эл аралык баа берилбей келе жатат.
Пан Ги Мун башчылык кылып жаткан БУУ уюму болсо, ар кандай башка эл аралык уюмдар сыяктуу эле, өз негиздөөчүлөрүнүн кызыкчылыктары негизинде аракет кылышат. Жогорудагы абалды мисал кыла турган болсок. Кыргызстан Россиянын таасири астына карай ойлонбостон туруп бир нече кадамдарды таштап жиберди. Бул көрүнүштөр, Евразия экономикалык биримдиги уюмуна мүчө болуп алышы жана укук коргоочу уюмдарга болгон бир катар кескин жана суук мамилелери сыяктуу бир нече аракеттеринде көрүнүп келүүдө.
Пан Ги Мун бүт дүйнөнүн атынан Кыргызстанга “адам укуктары тебеленип жаткан мамлекет” деп баа берди. Бул бааны ал Өзбекстанда Каримов сыяктуу бүт дүйнө тан алган жырткыч диктатор алдында, анын пикирлерин макулдап туруп, дүйнөлүк маалымат каражаттары аркылуу билдирди.
Өзбекстанда Пан Ги Мун элдин өкүлдөрү менен жолугушуп да койбоду. Андижан окуясы жөнүндө, ал кылмышка да эл аралык баа берилбей келе жатканы туурасында сөз кылуудан да коркту. Аныгыраагы, Каримовдон эмес, Обамадан коркту. Себеби, ага сызылган сызык боюнча, Кыргызстанга басым өткөрүү, Каримов менен ушул басымда кызматташтык алакаларын талкуулоо жана алаканы бекемдөө сыяктуу маанилүү жоопкерчилик жүктөлгөн эле.
Кыргызстанда адам укуктары чындыгында эле бузулуп жатат. Бирок, Пан Ги Мун мырзанын ыктыяры өзүндө болгон Борбордук Африка мамлекеттерине сапар кылар беле. Ал жерде мушриктер мусулмандарды тирүүлөй өрттөп жатышат. Азия мамлекеттеринде да (Мьянма, Бирма) бутпарасттар мусулмандарды өз өлкөлөрүнөн өтө жырткычтык ыкмалар менен кууп чыгарышууда. Мусулмандарды тирүүлөй өрттөп жиберишүүдө. Айланадагы мамлекеттер аларды кабыл албай жатышат.
Эгерде, БУУ АКШнын дүйнөнү басып алуу куралы болбогондо, анда Пан Ги Мун Өзбек режими менен алакасы үзүлүп калышынан мынчалык коркуп мамиле кылбаган, анын ыпылас сиясатынын натыйжаларын түз эле Каримовдун бетине айта алган болор эле. Жогорудагы геноцид кылынып жаткан, аныгыраагы ушул геноциддер башталышы жана уланышы үчүн жол ачып берген бир катар чоӊ куфр мамлекеттери тоскоолдук кылып турушпаганда эле, анда Пан Ги Мундун Орто Азияда тентиреп жүрүүгө убактысы болбойт беле?