Стамбулда улуу Үммөт жүрүшү

461
0

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты мубарак Рамазан айынын алгачкы жума күнүндө “Улуу Үммөт жүрүшү” уюштурула тургандыгын жарыя кылды. Бул жарыя Хизб ут-Тахрирдин расмий сайттарында да жазма билдирүү көрүнүшүндө кеңири таркатылды.

Жазма билдирүүдө Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты Рамазан айынын алгачкы жума күнүндө т.а. 19.06.2015те бүтүндөй Ислам үммөтү бир бүтүн Үммөт экендигин көрсөтүү үчүн бардык мусулмандарды Стамбулда уюштурула турган “Улуу Үммөт жүрүшү”нө чакырат. Максат улутубуз, расабыз, түсүбүз, тилибиз, кайсы мазхабдан экендигибиз жана кайсы “мамлекет” жараны  экендигибизге карабастан бир бүтүн Үммөт экендигибизди эске түшүрүү.

Жума намазынан кийин Стамбулдагы Фатих жоме мечитинен башталган жүрүш Сарачхана аянтына чейин уланат. Сарачхана аянтында болсо расмий билдирүүлөр окуп уктурулат жана мусулмандарга кызуу кайрылуулар жолдонот.

Исламий өлкөлөрдө тынымсыз уланып келе жаткан зулумдар, карамүртөздүктөр, адамгерчиликке туура келбеген кыйноолор, кыргындар о.э. массалык кыргындарга бүт дүйнө күбө болуп турат. Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаяты Халифалык мамлекетин тикелөө менен бул акыйкатсыздыктарга чек коюу үчүн жана Ислам үммөтү дагы кайрадан мурунку азиздигине жетишүүсү үчүн салым кошууга ар бир мусулманды чакырат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here