“golosislama.com” сайтынын кабар беришинче, изилдөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, акыркы жыйырма жылдын ичинде Ислам динин кабыл алган жергиликтүү норвегдердин саны 500дөн 3000ге көбөйгөн.
“Aftenposten” гезитинин жазышынча, окумуштуулар муну бир нече себептер менен түшүндүрүшүүдө.
Диний изилдөөлөр боюнча профессор Анна Софи Роалд: “Бүгүнкү күндө Ислам динине кайрылуу, ыктымал жаштар нааразылыгынын эң акыркы формасы болуп эсептелет”, – деди. О.э. Ислам дини мусулмандан жашоо образын түптөн өзгөртүүнү талап кылышын баса белгиледи.
Ислам динин кабыл алганына 30 жылдан ашкан окумуштуу аял мусулман калктын саны татыктуу түрдө көбөйүшүнө алтернативдүү дин издеп жаткан норвегиялыктарга таасир көрсөтө турган маанилүү факторлор бар экендигине ишара кылып өттү.
Адистердин белгилешинче, башка көптөгөн мусулман эмес мамлекеттерде болгону сыяктуу эле Исламга жаңы киргендерде айрым абалдарда радикалдашуу менен аяктоочу диний ышкынын ашып кетиши табигый, кээде жаңы динге киргендер өзүнүн жаңы ишенимине карата тышкы мамилелерге бир кыйла кадыржам мамиледе болушат.
Берген университетинин окумуштуусу Олаф Элгвиндин пикиринче, консервативдүү Ислам дээрлик бардык нерсеге уруксат берилген либерал Норвегия коому үчүн чегаралар жана коопсуздуктун жаңы көрүнүшүн белгилеп берет: мааниси жактан заманбап жаштар дал ушул – бардык нерсеге уруксат берилишине каршы баш көтөрүп жатышат.
“Адамдарга башкаруу, эрежелер жана жаза же сыйлык көрүнүшүндөгү натыйжалар керек”, – деди Исламга жаңы кирген 26 жаштагы Эльза мекендештери арасында Ислам дини кеңири жайылып бара жатканына түшүндүрмө берип.
23 жаштагы Мортен Иброхим Абрахамсен 2011-жылдын 22-июлунда Утойя аралында Андерс Брейвик тарабынан ишке ашырылган кыргындан аман калгандан кийин Ислам динин кабыл алган. Ошол кыргында Брейвик 69 адамды атып өлтүргөн эле.
“Жаңы динимде мен өзүм издеген кадыржамдыкты таптым”, – дейт Мортен Иброхим.
Дин таануучу тарыхчы, Ислам дини боюнча Норвегиянын жетекчи эксперттеринин бири Кари Вогттун айтымында, норвегдер арасындагы жаңы мусулмандар негизинен жаштардан туруп, алар “Исламга дин жана алтернативдүү социалдык чечим катары кызыгуу билдирип жатышат”.