Россия НАТОго каршы согуш ачпайт

402
0

10-июнь күнү Италияда болуп өтүүчү “Чоң Жетилик” саммитинин алдында Италиянын “Corriere della Sera” газетасына интервью берген Россия президенти Владимир Путин орус армиясынын НАТОго чабуул кылышы туурасындагы пикирлерди “келесоолук” деп баалады. Аскерий майдандагы даярдыктар Россияга каратылган коркунучтарга каршы коргонуу максатында ишке ашырылып жатканын билдирген Путин, айрым мамлекеттер аскерий, экономикалык жана финансылык жардамдарга ээ болуу үмүтүндө ушундай маалыматтарды көтөрүп чыгып жаткандыгын айтты.

“Россия жана Батыш мамлекеттери ортосундагы алакалар карама-каршылык үстүндө эмес, кызматташтык үстүндө курулушу керек. Батышта Россиянын НАТО өлкөлөрүнө чабуул кылышына тиешелүү пикирлер бар. Россия жана НАТОго мүчө мамлекеттер ортосунда согуш болушу туурасында эсин жоготкон адам гана ойлонушу мүмкүн”, – деди президент Путин.

Ал: “Дүйнө ушунчалык өзгөрүп кеткен дейсиң, мындай аскерий чатакты ал тургай элестетип көрүү да кыйын. Россиядан коркуунун кереги жок”, – деп кошумчалады.

Россия президентинин баса белгилешинче, АКШ Атлантикалык аймакка жетекчилик кылууну улантуу максатында аракет кылууда. Ошол себептен улам, Россия менен Европа союзунун бири-бирине жакындашуусуна каршы чыгып, Россиядан “мокочо” катары пайдаланууда.

“АКШ Атлантикалык аймактагы пландарын жүзөгө чыгаруу үчүн тышкы коркунучтарга муктаж. Демек, Иран жетиштүү даражада коркунучтуу болбой калган. Эми ким менен коркутат? Украина кризиси кайдан келип чыкты? Киевдеги каршылыктар Борбордук разведка бюросу (ЦРУ) тарабынан башкарылды. Биз болгону, жүз берип жаткан окуяларга каршылык кылууга мажбур болуп калдык”, – деди Владимир Путин.

Учурда НАТОго мүчө болгон чыгыш Европа мамлекеттеринин аскерий даярдыкты күчөтүп жатканы айтылууда.

Мындан бир апта мурда НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Россия менен кызматташууга даяр экендигин билдирип, “Россия тандоо укугуна ээ. Же күрөш жолун улантып, дагы да көбүрөөк курчоодо калат, же кызматташтык жолун тандайт. Эгерде кызматташууну тандаса, бул нерсе Россия үчүн да, НАТО үчүн да пайдалуу болот. Биз кызматташууга даярбыз”, – деп айткан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here