АКШ Казакстан жарандарына да 10 жылдык виза бермекчи

326
0

Эки мамлекеттин ишкерлери бизнес-форумунда катышкан АКШнын Казакстандаги элчиси Жорж Крол, Казакстан жана АКШ 10 жылдык мөөнөткө көп жолу пайдаланылуучу виза берүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуунун алдында турганын билдирди.

 “Биздин максат учурдагы беш жылдык виза тартибин улантуу эле эмес, тескерисинче, эгерде мүмкүн болсо аны 10 жылга чейин узартуу. Биз муну максатка ылайык деп ойлойбуз”, – деди Жорж Крол.

 Элчинин айтымында, учурда ушул маселе виза берүүнү көзөмөл кылууга жоопкер болгон мамлекеттик мекемелерде каралууда. Жорж Крол жакынкы убактарда, аныгыраагы, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бул маселе да оң тарабына чечилишинен үмүттөнгөндүгүн билдирди.

 “Биз кесиптештерибизди тездетишибиз керек, себеби, бул нерсе Казакстан үчүн эле эмес, АКШ үчүн да пайдалуу”, – деди элчи.

 Туркистон:

Россия менен АКШ ортосундагы таасир жана колония  үчүн болгон күрөш акырындап Борбор Азия мамлекеттерине көчүп өтүүдө. Борбор Азия республикаларын өзүнүн эгинзары катары көрүүгө көнүп калган Россия бул региондо өз таасирин сактап калууда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) сыяктуу саясий жана аскерий уюмдардан пайдаланып келген болсо, эми Евразия экономикалык биримдигин (ЕАЭБди) түзүү аркылуу экономикалык жактан да көз каранды кылып алуу жолунан бара жатат.

   АКШ болсо Россия тарабынан Борбор Азия республикаларына басым өткөрүүнүн эң ыңгайлуу жолу болгон эмгек мигранттары проблемасына сокку берүү аркылуу бул регион мамлекеттерин Россияга болгон көз карандылыктан чыгарып алуу аракетин баштап жиберди.  Мындан бир аз мурда, 2015-жыл, 20-март күнү Кыргызстан менен АКШ ортосунда эки мамлекет жарандары үчүн 5 жылдык виза берүү туурасындагы документке кол коюлган эле. Кол коюлган документтерге ылайык, визалар жарандарга туристтик саякат, бизнес иштери, дарылануу, иштөө жана окуу максаттары үчүн берилиши белгиленген жана  визалар 28-апрелден баштап күчкө киришинин артынан 29-апрель күнү АКШнын Бишкектеги убактылуу элчиси Ричард Майлз Кыргызстан жараны Сейнеп Дыйканбаевага 5 жылдык виза тапшырган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here