Роза Отунбаева элге жана элдик депутаттарга каршы

320
0

 Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева мамлекеттин түштүгүндө хижаб кийген кыздар көбөйүп  жатканынан тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу экс-президент Бишкек шаарында 15-май күнү башталып эки күнгө созула турган “Пекин+20 платформасынын алкагында гендердик теӊдикке жетишүүдө парламенттин ролу” деген аталыштагы эл аралык конференцияда айтып өттү.

  “Биздин аймактагы кыздардын келечегинен тынчсызданып жатам. Мен жакында эле республиканын түштүк областтарына барып келдим жана мектептерде көптөгөн окуучу кыздар жоолук менен жүргөнүнө ызаландым. Бизде билим берүү министрлиги окуучу кыздарга жоолук салынуу укугун бериши керек деп бул маселени парламентте тынымсыз көтөрө турган депутаттар бар. Бирок, биздин аялдар жана эркек депутаттар эч качан аларды сындап, аларга каршы бир ооз сөз айтканга да жарашпайт. Себеби, алар өздөрүнүн жасалма электораты (шайлоочулар добушу) үчүн күрөшөт. Мырзалар, биз кайсы жакты карай бара жатабыз?” – деди Роза Отунбаева.

Алмазбек Атамбаев “биз ханафий мазхабындабыз жана мындан башкасына чек коёбуз” деп айтуу менен келечек Исламдыкы экендигин түшүнүп, ага карата мамилесин билдирген жана бул тармакты өнүктүрүү максатында т.а. мазхабды тез арада көпчүлүк элге түшүндүрүүсү үчүн мечит имамдарына айлык белгилеп, олуттуу аракет кылып жаткан бир мезгилде Р. Отунбаева эмне үчүн буга каршы чыгып жатат? Же демократия ушундайбы, же кониституцияда ушундай жазылганбы? Же “Алмазбек Атамбаев жалган сүйлөгөн, ал да Исламга каршы” демекчи болуп жатабы, себеби ханафий мазхабында аялдар көчөгө чыкканда жүзүн да жаап алышы шарт, ал тургай, жума намазына шаар акимдери катышуусу намаздарындагы шарттардан го?

 Кониститутцияны экс-президент Роза Отунбаева өзү баш болуп бузса, элдик депутаттарга ишенбестик көргөзүп отурса калгандары мыйзамга, депутаттарга ишенеби? Же Роза Отунбаева бузук абал  жакшы тарапка өзгөрүп жатканынан тынчсызданып жатабы? Бул суроолорго силер жооп тапкыла, урматуу окурмандар.

Бузук абал деп айтышыбыздын себеби, азыр коомдо ушундай бир жаман чөйрөлөр өкүмдар болуп жатат дейсиӊ, аны түшүнгөн адам эсин жогткудай болуп турат. Мисалы: Социалдык чөйрө туура эмес негизде калыптандырылууда. Эки же үч баласы бар ата балдарына жана аялына “мен силер үчүн иштеп келгени кеттим” деп  үйдөн чыккан убакта ага бардык тарапта эркектерди өзүнө тарта турган бардык жерлерин ачкан, боёнуп-жасанган кыз-келиндер дуушар болот. Алар жашоонун оордугунан улам, жеӊил акча табуу үмүтүндө туш келген эркекти азгыруу максатында кезип жүрүшөт. Турмушту ырахат-жыргалчылык деп билген жана иштериндеги өлчөө пайда-зыян болгон адам үй-бүлөсүн, балдарын эстен чыгарат, ырахат-жыргалчылык деп ошондой кыздардын кайырмагына илинет. Албетте, ал кыздарга карата эч бир адамда сый-урмат жок. Болгону бир жолу айбандык каалоосун кандыруу үчүн бир жолу колдонуучу буюм сыяктуу карайт т.а. иши бүткөнгө чейин керектүү, иши бүткөндөн кийин жанына жакын баруудан да жийиркене турган нерседей карайт. Ушундай максатта бар тапканын чачып, чөнтөгү бошогон абалда үйүнө кайтат. Үйүндө балдары менен алек болуп өзүн карай албаган аялы көзүнө куник көрүнө баштайт жана андан көӊүлү сууйт. Сенсиз жашай албаймын деген убадалар менен үй-бүлө курган болсо да, андан кутулуунун жолдорун издей баштайт. Натыйжада аялы, балдары кыйын абалда, үй шартын оӊдоого акча жок жана башка ушул сыяктуу абалга кептелет. Акысын талап кылган үй-бүлөсүнө душмандай мамиледе болот. Үй-бүлө тез арада изден чыгат. Ата-энесинин жаӊжалынан улам келечегибиз болгон балдардын тарбиясы бузулат, моралдык жактан кор болушуп, оор турмушта өсүп-чоӊюшат. Мындай коомдо ар-намыс болгон кыздары жана эже-карындаштарынын кордолгонун көрүп кыйналган аталар менен ага-инилер, эринен  жакшы мамилени көрбөгөндүктөн акысын алуу максатында күн сайын чатак чыгарууга адаттанып калган аялдар, ортодо калып, керексиз сыяктуу өсүп жетилген о.э. сый-урматты жана адамгерчиликти билбеген балдар,  көпчүлүк абалдарда үй-бүлөлөрдүн бузулуп кетиши келип чыгат. Мындай коомдо урматтуу аял жана азиз энелер болбойт.

Мындай абалдын ордуна Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллах Таала башка турмушту пенделерине неъмат кылып берди. Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллах Таала аялдарды көркөм кылып жаратты, көчөгө чыгууга тыюу салбады, тескерисинче көчөгө чыкканда көркөмдүктөрүн жабууга жана сулуулугун ал үчүн иштеп жаткан эркекке гана багыштоого буйруду. Мындай турмушта балагатка жеткен ар кандай аял көчөгө жилбабсыз жана башында чоӊ жоолуксуз чыгышы мүмкүн эмес, ал тургай, Халифа “ханафий” мазхабын кабыл алып, табанний кылса, аялдар жүздөрүн да жаап жүрүшү шарт болуп калат. Хижабсыз жүрүүгө жана зыйнаттарын махрамдарынан башкаларга көрсөтүүгө тыюу салган. Өзүнө тарта турган жасанып-түзөнүүнү эрлери үчүн гана кылууга чектеп койгон. Эркектер менен аялдар аралашып калууга катъий түрдө тыюу салат жана шарият уруксат берген орундарда гана аралашууга уруксат берет. Мисалы: Бардыгы махрамдар болуп чогулушканда, же базар жана мечитке окшогон баарынын муктаждыгы бар жерлерде. Эркек менен аялдардын бири-бирине суктануу менен  карашын өзүнүн жубайына гана чектейт жана башкаларды мындан тыят. Бул жашоодо аял киши күйөөсүн ыраазы кылуу үчүн кылган ар бир ишке Аллах Таала өтө чоӊ сооп-сыйлыктарды убада кылган. Өз кезегинде эркектерден да Аллахтын алдында  жакшы болуу үчүн аялдарына  жакшы мамиледе болууну талап кылган. Балдарды болсо, эң оболу энесине, дагы энесине о.э. дагы энесине андан кийин атасына жакшылык кылууга буйруган. Мындай коомдогу үй-бүлөнү элестетип көрүӊүз, үй-бүлө башчысы көчөгө чыкса бардык аялдар оронгон …, үйдө болсо, аялы мүмкүн болушунча күйөөсүнүн көӊүлүн табуу максатында балдарына жакшы тарбия берген, өзүн каранып, чырайлуу көрүнүштө күйөөсүн күтүп отурган, энесине  жакшылык кылып, атасына жакшылык кылууну зарыгып күтүп жаткан балдар…, бул Ислам талап кылган үй-бүлө. Эң  жакшы адам болуу үчүн аялына  жакшы мамиледе болгон, тапкан нерсесин үй-бүлөсү менен бөлүшүү үчүн үйгө курсантчылык алып келген эркек…. Бул коомдо аялдар эң азиз жана урматтуу болот, эди-катын ортосунда, ата-эне менен балдардын ортосунда мээрим, достук өтө күчтүү болот. Азыркы коомдогу динсиздерге жаман көрүнүп жаткан хижабдуу аялдар мына ушундай коомго карай бара жаткан пешкадамдар болуп эсептелишет. Аллах Таала бизге ушундай турмушту ыраа көрөт жана мындай турмушта жашоону фарз кылган. Аллах Таала ыраазы боло турган, пенделерине неъмат кылып берген бул турмуштун башка тармактарын; экономикалык тармакты же башкаруу түзүмүн азыркы жашообузга салыштырып көрүүгө болот. (Ал турмушту “Исламдагы ижтима түзүмү”, “Исламдагы экономикалык түзүм”, “Исламда башкаруу түзүмү” сыяктуу китептерибизден кеӊири окуп үйрөнүшүӊүз мүмкүн).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here