Россия Коргоо министринин орунбасары Анатолий Антонов Россия жана Кытай тарабынан Ак-Деӊизде өткөрүлүп жаткан ортоктош аскерий машыгуу тууралуу билдирүү берди. Билдирүүдө айтылышынча, аскерий машыгуудан максат, деңиз коопсуздугу жаатында Россия жана Кытай ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү.
“Аскерий машыгуу үчүнчү бир мамлекетке каршы ташталган кадам эмес. Региондогу саясий кырдаалга да эч кандай тиешеси жок. Август айында Япон деңизинде Кытай менен дагы бир аскерий машыгуу өткөрөбүз”, – деди Антонов.
Антонов ортоктош аскерий машыгууда, эки тараптыкын чогуу эсептегенде 10 аскерий кеме катышып жаткандыгын билдирди. Антоновдун айтымында, кемелерге океандардын алыскы аймактарында сүзүү коопсуздугун камсыздоо үчүн ортоктош машыгуулар үстүндө иштөө милдети жүктөлгөн.
Эл аралык алакалар боюнча адис профессор доктор Масъуд Хакки Жашин бул аскерий машыгуу НАТОго каршы о.э. Ак-Деӊизде өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтүп коюу үчүн өткөрүлүп жатканын айтты.
“Бул машыгуу январь айында өткөрүлүшү пландаштырылган эле. Путин Россиянын коргонуу саясаты боюнча берген билдирүүсүндө НАТОнун Россияга коркунуч туудурганына ишара кылып, “жаӊы орус аскерлери” стратегиялык түшүнүгү ушуга ылайык тартипке салынышын билдирген болчу. Менин оюмча, бул машыгуу АКШ жана НАТОго күчүн көрсөтүп коюу болуп эсептелет. Башка бир тараптан АКШ жана Япония ортосунда болуп өткөн аскерий келишимдер да бул машыгуунун өткөрүлүшүнө түрткү болду. О.э. машыгуу Ак Деӊизде ким үстөм экендигин көрсөтүп коюу үчүн жүргүзүлүп жатат. Бул жерде чыныгы октордун ишке салынышы да машыгуунун олуттуу экендигин билдирип турат”, – деди профессор.