Казакстан Россия товарларына чектөө киргизди

330
0

Россия жетекчилигинде түзүлгөн жана кийинчерээк Евразия экономикалык биримдигине айланган Бажы  биримдиги пайда болгондон бери ар түрдүү проблемаларга жана бул биримдикке мүчө мамлекеттер ортосундагы ар түрдүү карама-каршылыктарга дуушар болууда. Алгач 2014-жылдын декабрь айында Белорусия өкмөтү Бажы биримдиги түзүлгөндөн кийин 2011-жылдын апрель айынан баштап бекер кылынган бажы көзөмөлүн кайрадан бир тараптуу тикелеген болчу.

 Буга расмий Москва Минскти Европа товарларын Россияга реэкспорт кылып жаткандыкта айыпташы жана Россияга азык-түлүк продукцияларын жеткирип берүүчү Белорусиянын сегиз ишканасынын продукциялары Россияга алып кирилишине чектөө киргизгени себеп болгон. О.э. президент  Александр Лукашенко Белорусияда иштелип чыккан бир катар товарлардын Россияга экспорту токтотуп коюлганын мыйзамга тескери көрүнүш деп атаган эле.

 Бүгүнкү күнгө келип, Казакстан менен Россия ортосундагы келишпестиктер күчөп жатат. Эки мамлекет теӊ Евразия экономикалык биримдигине мүчө экендигине жана азык-түлүк продукциялары үчүн бирдей стандарттарга ээ болушуна карабастан, алар бири-бирине каршы санкцияларды киргизип келе жатышат. Казакстан алгач Россия нефть продукцияларынын мамлекетке киришине тыюу салып койгон болсо, кийинчерээк Астрахань областынан тирүү канаттуулар, инкубатор жумурткалары жана “бардык түрдөгү үй канаттуулары продукцияларына” тыюу салды. Эми Россияда иштелип чыккан конфет, каймак-май жана эт продукцияларынын киришине тыюу салууда. Мындай чектөөлөрдүн киргизилишине жергиликтүү ишкерлердин бизнеси коркунуч астында калганы себеп кылып көрсөтүлүүдө.

 Казакстанга жооп иретинде Россия өкмөтү да Казакстан продукцияларынын Россияга алып кирилишине чектөөлөрдү киргизүү маселесин карап чыгууда.

Туркистон:

Кыргызстан жогорудагы карама-каршылыктарды көрүп туруп да ушул уюмга кирип бара жатат.

Темир Сариев премьер-министр болушунан бир аз мурда: “Фитосанитария проблемасы Россия менен биротоло чечиле элек. Россия Кыргызстандын фитосанитария лабороториясынан өткөн текшерүүлөрдү тааныбай турган шарттар менен бизди Евразия биримдигине кирүүгө үндөп жатат, биз буга ыраазы эмеспиз”, – деген болчу. 8-май күнү Атамбаевдин расмий жарыясы менен Кыргызстан Евразия биримдигине кошула тургандыгын айтты. Кийин Кыргызстан расмийлери, Россия Кыргызстандын фитосанитариялык лабороторияларын расмий түрдө тан ала турган болду деген билдирүүлөрдү тарката башташты.

Кыргыз мигранттарына белгилүү болгондой, дал ушул фитосанитария тармагы боюнча Россиянын дээрлик бардык аймагында, элдик көзөмөл топторунан баштап, мамлекеттик атайын текшерүүчү уюмдары өтө катуу иштешет. Алар продукциялардын белгиленген мөөнөтүн текшерүү менен бир катарда, өз лабороториялары белгилеген өлчөөлөр негизинде продукцияларга баа берип, алардын сапатын да текшерип, белгилүү бир көрсөткүчтөргө туура келбесе, ар кандай продукцияны ички керектөөчүлөргө сатууга тыюу сала алышат. Мигранттар ошол белгиленген мөөнөтү өтүп кеткен же сапаты белгиленген өлчөмдөргө туура келбеген азык-түлүк продукцияларын өтө арзан баада сатып алышат.

Темир Сариевдин “экспорт кылынып жаткан товарларды өз лабороторияларыбыз аркылуу текшерип өткөрүүгө жана бул текшерүүлөрдү уюмдун башка мүчөлөрү тан алышына жетиштик” дегени болбогон эле куру сөз. Себеби, товарларыбызды экспорт кылуудан көздөгөн максатыбыз, ал ошол өлкөнүн керектөөчүлөрүнүн талаптарын канааттандыруу менен аяктайт. Болбосо, бажыканадан өз лабороториябыздын сертификаты менен өтүп алган товарларыбыздын – кошумча жол чыгымдарын кошуп алуу менен – өздүк бааларын гана көбөйтүп алабыз, же андан да жаманы, мөөнөттөрү өтүшү менен аларды бүтүндөй жараксыз кылып алабыз.

Демек, Кыргызстандын уюмдагы шериктеш мамлекеттерден ар тараптуу аркада калып кеткенин жана коррупция деӊгээли өтө жогору экендигин эсепке алсак, Кыргызстан азырынча импорт кабыл алууга ылайыктуу болуп турат. Себеби, Кыргызстан ушуга чейин кирип келе  жаткан же ичкериде даярдалып жаткан продукциялардын бирөө-жарымы үчүн атайын лабороториялык текшерүү өткөргөн эмес. Сертификаттар азыркыга чейин жазылып келүүдө. Алар эми токтойт т.а. оӊолот деген оптимисттер болушу мүмкүн. Бирок, токтобойт!

Сариевдин талаптарын канааттандырып, фитосанитария текшерүүлөрүн Кыргызстанга сунуштагандар продукцияларыбызга тыюу салуунун жогорудагыдан башка ыкмалары да бар экендигин жакшы билишет. Белорусиянын Россия менен болгон жогорудагы конфликттери, Казакстандын Россия менен болуп жаткан келишпестиктери т.а. ушулардын бардыгы Кыргызстанды да күтүп турат. Кыргызстандыкы алардыкынан да жаманыраак болот. Себеби, Кыргызстандын уюмдагы шериктерине болгон муктаждыгы өтө жогору. Алардын Кыргызстанга болгон муктаждыгы болсо дээрлик жок эсепте. Ошондуктан, басым бир гана алар тараптан болушу күтүлөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here