27 жылдан бери кардар табылбаган Франциянын “Rafale” үлгүсүндөгү аскерий самолётторунун соодасы Булуӊ базарында жүрүшүп кетти. “Араб жазы”нын артынан Түндүк Африка, Жакынкы Чыгыш жана Булуң мамлекеттеринде жүз берген башаламандыктар жана согуштар себептүү Франциянын “Dassault” авиациялык курал-жарак фирмасынын ооматы келди. Бүгүнкү күнгө чейин өз армиясынан башкага сата албаган Франция Мисирге жана андан кийин Катарга “Rafale” үлгүсүндөгү 24 даана аскерий самолётун сатууга жетишти.
Франция президенти Франсуа Олланд келишим иштерин жүргүзүп жаткан коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан жана тышкы иштер министри Лоран Фабиус менен Катарга жол тартты. “Катар аба жолдору” компаниясы 24 даана “Rafale” самолётун сатып алуунун акысына Францияга көбүрөөк жасалгалоо укугун шарт кылып койду. Париж бул шартты кабыл алары менен келишимге дароо эле кол коюлду.
Булуң мамлекеттерине тынымсыз каттап калган Франция коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан өткөн аптанын соӊунда Бириккен Араб Эмираттарына дагы бир жолу сапар кылды. Ал “Rafale” үлгүсүндөгү аскерий самолётунун соодасы жаатында жолугушууларды өткөрдү. Малайзия мамлекети менен да “Rafale” үлгүсүндөгү 16 аскерий самолётунун соодасы боюнча келишимдер уланууда. Франциянын бул аскерий самолётторуна 1988-жылдан бери кардар табылбай жаткан эле.