13-май күнү Өзбекстан канкору Ислам Каримовдун буюругу жана көрсөтмөлөрү негизинде Андижан кыргыны ишке ашырылганына 10 жыл толду. Мындан толук 10 жыл мурда т.а. 2005-жылдын 13-май күнү саясий жана экономикалык зулумдардан тойгон он миңдеген Андижан калкы адилеттүүлүк издеп шаардын Бабур атындагы борбордук аянтына чогулган эле.
Мүмкүн болушунча көбүрөөк адам чогултуу жана кыргын кылуу аркылуу элдин жүрөгүнө коркуу салуу ниетинде болгон Каримовдун дөбөттөрү адамдар арасында “элдин арызын укканы Каримовдун өзү келиши” туурасындагы сөздөрдү таркаткан эле. Өкмөттүн назарында жетиштүү адам чогулгандан кийин тиш-тырмагына чейин куралданган аскерлер Каримовдун буйругу боюнча тынч демонстранттарды автомат жана ири калибрдүү пулемёттор аркылуу аткылай баштаган жана Өзбекстан тарыхындагы эң кандуу кыргынды ишке ашырган эле.
Бул окуялардын артынан Өзбекстан расмийлери жана Каримовдун өзү бул иштердин артында “Акрамий”лер турганы жана өлгөн 187 адамдын көпчүлүгү куралдуу адамдар болгону туурасында расмий маалымат таркаткан эле. Көз карандысыз талдоочулар жана укук коргоочу уюмдар болсо Андижан кыргыны натыйжасында 1000ден ашуунадам өлгөнүн айтып келишет. Түпкүлүгүндө болсо, курман болгондордун саны мындан бир нече эсеге көп болгондугу эч кимге сыр эмес.
Андижан кыргынынан кийин АКШ жана Европа Кеңеши Өзбекстан өкмөтүнөн бул окуя боюнча көз карандысыз тергөө өткөрүүнү талап кылышкан, Каримов алардын талаптарын кескин четке каккандан кийин Өзбекстанга карата бир катар санкциялар киргизилген эле. Киргизилген санкциялар Өзбекстан расмийлеринин Европа союзу аймагына кирүүсүнө тыюу салуу жана курал эмбаргосу сыяктуулар болуп, иш жүзүндө эч кандай таасирге ээ болбогон, болгону символдук маанидеги санкциялар гана болчу. Ошондой болсо да Европа мамлекеттери 2009-жылга келип бул санкциялардын бардыгын бекер кылды жана Өзбекстан менен бузулган алакаларын кайрадан тикелөө жолунда олуттуу аракеттерди баштап жиберди.
Афганистанда баскынчылык согуштарын жүргүзүп жаткан АКШ өкмөтү да Өзбекстан өкмөтү өзү койгон талаптардын бирин да аткарбагандыгына карабастан 2011-жылы “улуттук коопсуздук этибары менен” чектөөлөрдү бекер кылуу жана Өзбекстанга аскерий жардам көрсөтүү туурасында токтом кабыл алды. Ошондон кийин расмий сапар менен Өзбекстанга келген АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон 2011-жылы октябрь айында Каримов менен Ташкентте болуп өткөн жолугушуусунан кийин: “Өзбекстан адам укуктарынын абалы боюнча жана саясий эркиндиктерди кеӊейтүү маселелеринде оӊ тарапка өзгөргөнүн көрсөтүүдө. АКШ мамлекети Өзбекстан менен мамилелерин бекемдейт. АКШ адам укуктары проблемасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү уланта берет, бирок, Өзбекстан өкмөтү менен болуп жаткан пикир сүйлөшүүлөр натыйжасын бере баштады”, – деп айткан эле.
Бүгүн 13-май күнү АКШнын Өзбекстандагы элчиканасы Андижан окуяларынын он жылдыгына байланыштуу дагы билдирүү таркатты.
Ошол билдирүүдө: “2005-жылы 13-майда Андижанда жүз берген окуялардын он жылдыгына байланыштуу, ошол окуялар себептүү өлгөн же зыян тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындарына Америка Кошмо Штаттары тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. Биздин Өзбекстан менен көптөгөн ортоктош максаттарыбыз бар о.э. жоопкерчилик, жарашуу, демократиялык реформалар жана адам укуктарын коргоону шыктандырууга ишенимдүү калабыз. Кошмо Штаттар Өзбекстанды адам укуктары боюнча улуттук жана эл аралык милдеттерин толук аткарууга чакырууну улантууда”, – деп айтылат.
Ооба, бардык иштерин материалдык кызыкчылык үстүнө курууга негизделген капиталисттик мамлекеттер үчүн адамдык жана рухий кыйматтын эч кандай мааниси жок. Алар бүгүн бир нерсени талап кылышы мүмкүн, эртеси болсо бул талап кызыкчылыктарына тескери келип калса эч бир экиленбестен андан баш тартышат. Ошондуктан да, алардан жакшылык күтүшүбүз, иштерибизди алардын колуна тапшырып коюшубуз саясий кордуктан башка нерсе эмес. Андижан кыргыны болсо мусулмандардын эсинен эч качан чыкпайт жана бул кылмыштарды ишке ашырган адамдар жакынкы күндөрдө өз кылмыштары үчүн рошид Халифанын алдында тизелеп туруп жооп беришет, инша Аллах.
Туркистон