Кытайдын жетекчиси Казакстанга расмий сапар менен барат

398
0

 “Акорда” маалымат кызматынын кабар беришинче, Кытай элдик республикасынын башчысы Си Цзиньпин 7-май күнү расмий сапар менен Казакстанга келет.

 “7-майда расмий сапар менен Казакстанга келиши пландаштырылган Кытай элдик республикасынын жетекчиси Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүшү күтүлүүдө”, – деп айтылат кабарда.

 Өз кезегинде Кытай тышкы иштер министринин орун басары Чэн Гопин Кытай жетекчисинин Казакстанга уюштура турган сапары жөнүндө берген билдирүүсүндө, бул сапар “саясий колдоп-кубаттоонун белгиси” экендигин айтып өттү.

 “Жетекчинин сапары Нурсултан Назарбаев президенттикке кайрадан шайлангандан кийин чет өлкөлүк мамлекет башчынын Казакстанга биринчи сапары болот, бул болсо Кытай президент Назарбаевди саясий жактан колдоп-кубаттап жаткандыгынын белгиси болуп эсептелет. О.э. ушул сапар эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык шериктик жогорку даражада экендигине ишара кылат”, – деди Чэн Гопин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here