Тажикстан жана Кыргызстан электр энергиясын жеткирип берүүнүн баасы боюнча келишимге жетише албады.
“Барки тожик” ачык акционердик холдинг компаниясынын маалымат катчысы Нозир Ёдгоринин айтымында, Душанбеде болуп өткөн сүйлөшүүлөр учурунда Тажикстан компаниясынын өкүлдөрү кыргызстандык кесиптештерине 1 кВт/саат үчүн 3.5 цент баада электр энергиясын жеткирип берүүнү сунуштаган. А бирок, бул баа Кыргызстандын өкүлдөрүн канаатандырбаган, алар 1 кВт/саат үчүн 2 цент төлөө мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдиришкен.
Ёдгоринин пикиринче, мындай баа холдингдин чыгымдарын каптабайт.
Учурда Кыргызстан Тажикстандын сунушун өз мүмкүнчүлүгүнөн келип чыккан абалда үйрөнүп чыгууда, андан кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду башталат.
Март айында “Улуттук электр тармактары” ААКнын башкы директорунун орунбасары Алексей Бородин Бишкекте өткөрүлгөн маалымат жыйынында Тажикстандан 1 кВт/соат үчүн 2 цент баасында электр энергия импорт кылынышын билдирген эле. Өткөн жылы Тажикстан кошуна мамлекетке электр энергиясын дал ушул баада жеткирип берген эле. А бирок, бул ирет Тажикстан бааны көтөрүүгө токтом кылды.