Алмазбек Атамбаев: “Ал тургай, имамдар да диндин негиздерин билишпейт”

313
0

CA-NEWS – Бүгүн Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Бишкекте өтүп жаткан “Экстремизм жана такфиризм – коомго келтирилген коркунуч” I Эл аралык симпозиумунун катышуучулары менен жолугушту.

Симпозиумда 17 мамлекеттен келген дин иштери боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, муфтийлер, аалымдар жана эксперттер катышууда.

Алмазбек Атамбаев мамлекет тарабынан диний тармакты тартипке салуу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы тууралуу айтып берди о.э. экстремизм жана радикализмге каршы күрөштө диний жетекчилер маанилүү роль ойной тургандыгын айтты.

Президенттин айтымында, 1990-жылы Кыргызстанда болгону 39 мечит болсо, бүгүнкү күнгө келип алардын саны 2362ге жетти. О.э. 81 ислам окуу жайы, 68 ислам борбору, фонддор жана бирикмелер бар.

“Ачык айтайын, көбүнчө карапайым мусулмандар эле эмес, кээ бир имамдар да диндин негиздерин билишпейт. Көп учурда сыртынан такыба болуп көрүнгөнү менен  алар билимсиз жана диний жактан сабатсыз болууда”, – деди Алмазбек Атамбаев.

Президент мунун натыйжасында радикалдык агымдарга өтүп кеткендердин саны көбөйүп бара жаткандыгын баса белгилеп: “Мисалы, 2010-2011-жылдары “Жайшуль Махди” уюмунун жихадчылары Бишкек шаары жана Чүй областында бир катар терактыларды жасап, адамдар каза болду. Ошондуктан да мамлекет диний тармакты тартипке салууга олуттуу киришти” – деди.

Кыргызстандын жетекчиси диндер аралык мамилелер, тынчтык жана диндер аралык толеранттулукту бекемдөө маселелерине өзгөчө көӊүл бурулуп жаткандыгын да баса белгиледи.

Алмазбек Атамбаев “Экстремизм жана такфиризм – коомго келтирилген коркунуч” I Эл аралык симпозиуму ийгиликтүү өтүшүн каалай тургандыгын билдирди.

 Туркистон:

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар проблемаларды туура баамдаптыр. Имам жана динди чүмбөт кылып алышкан диний жетекчилердин дээрлик бардыгы чындап эле сабатсыз жана моралдык жактан жакыр.

“Такфиризм” жаңы пайда болгон термин болуп, аны илгерки “ваххабийлик, Ал-Каида, Өзбекстан ислам кыймылы” сыяктуу бир нече эскирип бара жаткан диний терминдердин ордуна даярдап жатышат. Анын милдети, керексиз мусулмандарды коомдон четтетүү үчүн кызмат кылуу. Ушул Бишкекте өтүп жаткан конференциядан күтүлүп жаткан максат да, ошол жаңы эки “такфиризм жана экстремизм” терминдерин бириктирүү жолдорун издеп табуудан турат. Экстремизм дегенде, исламий саясий Хизбут-Тахрир жамаатын назарда тутуп жатышат.

Дүйнөлүк система тан алган Хизбут-Тахрирдин тынч саясий исламий негизде иштеп чыгылган программасын, Кыргызстан тан албастыкка катуу аракет кылып жатат. Хизбди кайдагы бир такфирчилер менен байланыштырып, “Ислам мамлекети” уюму кылып жаткан бардык шариятка тескери иштерге байланыштуу кылып көрсөтүүгө аракет кылууда.

Жогорудагы жасалма исламий терминдердин ар бири өзүнчө сот кылынат. Кудум, Хизбут-Тахрирдин аты соттолуп, анын үстүнөн, алгач биринчи май райондук соту, андан кийин КР жогорку соту тарабынан экстремисттик уюм деп бир тараптуу өкүм чыгарып алышканы сыяктуу. Андан кийин бул терминдерге таандык болгон иш жана аракеттер ойлоп табылып, жарыя кылынат. Андан соӊ,  ошол иштерди кылган же ишке ашырышы мүмкүн деп шектелген адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тарта башаташат.

Бийлик шектүү адамдарды белгилөө жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жараянында, Кыргызстан жарандары алдында  коом үчүн аларды кооптуу кылып көрсөтө алуу жана ушуга коомдун бардык өкүлдөрүн ишендире алуу проблемасына дуушар болот. Негизги проблема, жетекчи топ жана жарандарды, өкмөт тарабынан жшке ашырыла турган зулумдарга унчукпай туруп берүүгө мажбурлоо же үндөө ыкмаларын иштеп чыгуу жана колдонуудан келип чыгат.

Имамдар жана башка диний жетекчилерден президент талап кылып жаткан сабаттуулук жана моралдык жетишкендик даражалары, кудум мына ушул иштерге канчалык даражада салым кошо алышы менен белгиленет. Т.а. Кыргызстан жарандарынын негизин түзө турган мусулмандарда жогоруда өздөрү ойлоп таап алышкан (экстремизм, такфиризм) жасалма терминдерге карата душмандык ойгото алышы менен белгиленет. Алсыздыктары себептүү ушул абалга түшүп бара жатышкан диний уламалардан талап кылынып жаткан нерсе да ушул т.а. динди куфрга ылайыкташтырып берүү.

 Өзбекстанда кудум ушул проблеманы Каримов 16-февраль окуясын уюштуруу менен баштаган эле. Ошол иштен кийин бардык тармак өкүлдөрү бир тараптуу дин жана мусулмандарга каршы аракеттене башташкан. Диний имам жана уламалардын бүгүнкү абалы эч кимге жашыруун эмес. Бири дайынсыз жоготулган болсо, башкасы өлкөнүн ичинде же чет мамлекеттерде өлтүрүлүп жатат. Дагы бири Каримовдун режимине иттей кызмат кылып болгон соӊ, үй камагында кордук менен өлүп кетүүдө.

Урматтуу президент. Сизге эл аралык салмактагы чоӊ-чоӊ саясий күчтөр тарабынан басымдар болуп жатканын билебиз. Бирок, сизди тарых алдында саясий эрк көрсөтүп, өзүӊүз айткандай, куфр алдында башыӊызды бийик көтөрүп, Кыргызстанды сактап калууга катуу аракет кылып көрүүгө чакырабыз. Себеби, жогорудагы динге каршы конференциялар, концепсияларды сиз пландаштырып жаткан жоксуз. Тескерисинче сиз жана башка кыргыз жетекчи күчтөр катышуусунда же сүкүт сактоосу астында уюштурулууда. Бирок, бул Исламга каршы аракеттер негизиндеги багыттар жана конференциялардын бардыгы, Кыргызстандын кызыкчылыктарына тескери. Мамлекет коопсуздугу үчүн өтө кооптуу. Бул сыяктуу иштерден куфр системасы өтө жаман натыйжаларды пландаштырып жатат.

Сиз тескерисинче мусулмандарды бириктирип, аларды өзүӊүз үчүн калкан кылууга аракет кылыӊыз. Азыр Ислам жана мусулмандар дүйнөдө теӊдешсиз кубат экендигине ишенип коюӊуз. Ошондо гана башка өлкөлөрдүн жетекчилери сиз менен башкача мамиле кыла башташат. Себеби, учурдагы системада бардык мамлекеттер бири-бири менен артында турган кубатына карай мамиле кылууга адаттанышкан. Алар сизди өз өлкөӊүз ичиндеги эӊ чоӊ кубат менен душман кылып алып, алсыз болгон абалыӊыздан пайдаланышмакчы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here