Россия жана Өзбекстан Хизбут-Тахрирге каршы биргеликте күрөшөт

332
0

10-апрель күнү Ташкент шаарында болуп өткөн саммитте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин атайын кызматтары жана укук коргоо органдарынын жетекчилери “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөштү ылайыкташтыруу жол-жоболорун талкуу кылууга киришишти. Алар Аймактык антитеррор түзүмү о.э. интернеттен террордук максаттарда пайдаланууну токтотуу боюнча биргелешкен машыгууларды өткөрүү планын да көрүп чыгышат.

 Шанхай кызматташтык уюмунун алдындагы Аймактык антитеррор түзүмүнүн расмийинин маалымат каражаттарына билдиришинче¸ Ташкенттеги жыйындын күн тартибине террорчулука¸ сепаратисттикке жана экстремизмге каршы күрөштүн 2016-2018-жылдарга болжолдонгон программа долбоору¸ ШКУнун экстремизмге каршы күрөш концепциясы долбоорун иштеп чыгуу жана “Ислам мамлекети” тобунун коркунучуна каршы биргеликтеги иш-чараларды талкуулоо киргизилген.

 О.э. Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык антитеррор түзүмү кеңешинин Ташкентте болуп өткөн жыйынына катышкан РФнын коопсуздук кызматынын директорунун орун басары, армия генералы Сергей Смирнов Россия жана Өзбекстан Хизбут-Тахрир ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү үчүн кызматташтыкты жолго коюшун билдирди.

 Смирнов билдирүүсүндө: “Кызматташтык бир нече жылдан бери уланып келе жатат. Туруктуу иштей турган жумушчу топ түзүлгөн”, – деди.

  Туркистон:

2001-жылы Кытай жана Россия башчылыгында уюштурулган Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) өз ишмердүүлүгүнүн алгачкы күнүнөн баштап эле негизги көӊүлүн Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшкө каратты. Өзүнүн бул жийиркеничтүү максатын актоо үчүн бул күрөшкө экстремизм жана терроризмге каршы күрөш чүмбөтүн такты. 

  2003-жылдын 28-29-март күндөрү Москва шаарында болуп өткөн кезектеги саммитте штабы Ташкент шаарында жайгашкан Аймактык антитеррор түзүмү түзүлгөн эле. Ошол саммитте да катышуучулардын негизги этибары Хизбут-Тахрирге каратылган болуп, анын ишмердүүлүгү жайылышына жол бербестик үчүн бир катар документтерге кол коюлган, ошондон кийин алгач Россиянын, кийинчерээк Казакстан жана Кыргызстандын Жогорку соттору  мамлекет аймагында Хизбут-Тахрир ишмердүүлүгүнө тыюу салуу туурасында токтом чыгарышкан эле.

  Өзбекстан өкмөтү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) айырмалуу көрүнүштө, ШКУда өз ишмердүүлүгүн токтотпой улантып келе жатат. Мунун негизги себеби, Ислам дини жайылышынын ар кандай көрүнүштөрүнө каршы болгон Каримов үчүн бул уюмга мүчө болуу ага мүчө болгон мамлекеттер аймагында өзбек атайын кызматтарынын беймарал ызгып жүрүшүнө жана Каримов режими үчүн жагымсыз болгон ар кандай адамды куугунтуктоо о.э. ар кандай мыйзамдарды бузган абалда беймарал уурдап келишине мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө.

  Акыркы кездерде Россия аймагынан Өзбекстан жарандарынын, айрыкча өз мекенинде жалган жалаа менен издөө жарыяланган мусулмандардын кармалышы жана кокустан кайып болуп кетиши, кийинчерээк алардын дареги Өзбекстандын атайын кызматтарынын подвалынан же бирер тергөө камактарынан чыгышы адаттагы көрүнүшкө айланып калды. Бул иштердин бардыгы ШКУ берип жаткан мүмкүнчүлүктөр артынан жүз берүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here