Атамбаев элдин алдында сөз сүйлөдү

305
0

2015-жыл 7-апрель күнү апрель революциясынын 5 жылдыгын белгилөөгө Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына чогулган элдин алдында Атамбаев сөз сүйлөдү

 Өз сөзүндө Атамбаев жалпысынан: “7-апрель күнү эл чындык, адилеттик талап кылып аянтка чыккан. Кул болбойбуз, Кокон хандыгын кайра курдурбайбыз, тизелеп жашагыча тик туруп өлөбүз”, – деди.

 Кыргызстан түштүгүндө Өзбекстандын таасири күчөп бара жатканы сезиле баштады. Бул баскынчылык Өзбекстандын аскерий күчтөрүнүн түздөн-түз басып алышы менен эмес, тескерисинче, алар өз кызыкчылыктарын биздин күч түзүмдөрүбүз аркылуу канчалык даражада ишке ашырып жатканы менен белгиленет. Өздөрүнүн Ислам жана мусулмандарга каршы күрөш ыкмаларын Кыргызстанга канчалык даражада алып кире алышы менен өлчөнөт.

 Сот тармагынан тартып бардык укук коргоо түзүмү изден чыгып бара жатат. Күч түзүмдөрү кызматкерлеринин акыркы кездердеги аракеттери прокуратура, сот жана ал тургай          , мамлекеттик эмес укук коргоочу уюмдар да, кудум Өзбекстан режимин эске түшүргөндөй, бир тараптуу аракеттенип жатканы көрүнүп барууда.

 Атамбаев күйүп-бышып айтып жаткан нерсе, балким ушул бастырып келе жаткан Каримов башчылыгындагы жаңы Кокон хандыгы болуп жүрбөсүн. Алар Кыргызстандын күч түзүмүн сатып алышууда. Тыӊчылары милициялар коргоосу астында иш кылышууда. Алар өздөрү үчүн кооптуу деп билген адамдарды кыргыз милициясы аркылуу коомдон четтетип жатышат.

 Өзбекстандын бул аракеттерден көздөгөн максаты кандай?

 Максаты бузук, Атамбаевдин тынчсызданып жатышына арзыйт.

 АКШ Кыргызстанда башаламандык баштап жибергидей болсо, кудум Россия Крымды басып алып, Луганск жана Донецктеги орус улутунун улутчулдук туйгуларынан пайдаланып келе жатканы сыяктуу өзбек элинин туйгусунан пайдаланып калуу үчүн, Каримов режими да Ош жана Жалал-Абад областтарында өз таасирин акырындап күчөтүп барууда. Россия Украинага тийиштүү жерлерди өзү үчүн фронттук линия кылып алып, согушту алардын катышуусу жана жардамы менен, алардын жерлеринде жүргүзүп жатканы сыяктуу, Каримов да ыӊгайлуу учур келип калары менен Ош жана Жалал-Абадды басып алуу аракетинде.

 Каримов режими бул долбоору ишке ашуусу үчүн бир нече ыпылас ыкмалардан пайдаланышы мүмкүн. Муну алар Кыргызстандын түштүгүндө негизинен өзбектердин улутчулдукка негизделген туйгуларынан пайдаланып, өзбек калкын автономия талап кылып референдум өткөрүүгө жетиштирүү же түздөн-түз басып алуу жолу менен ишке ашырууну пландаштырышкан. Ал үчүн болсо ушул долбоор натыйжа бере турган чөйрө пайда кылынышы керек.

 Акыркы жылдарда Кыргызстанда Исламий чөйрө өтө тездик менен күчөп бара жатканы Каримовдун (Атамбаевдин сөзү менен айтканда) Кокон ханы сыяктуу регионду басып алуу долбооруна эң чоӊ, балким, бирден-бир тоскоолдук болуп келе жатат. Улутчулдуктун бирден-бир тоскоолдугу болгон Ислам дини жана мусулмандар өз жетекчилеринен айрылуу себептүү бир кыйла алсырайт. Бул болсо, коомду кудум иммунитети алсыраган адам сыяктуу алсыз абалга алып барат. Ага ар кандай ыпылас микробдор таасир өткөрө ала турган болуп калат. Ошондуктан, Каримов режими – албетте АКШнын жардамы менен – өз планы үчүн регионду мусулмандардан тазалай баштады. Муну биз кыргыз милициясы жана укук коргоо органдары кудум өзбек режими астында иш жүргүзүп жаткан аппараттар сыяктуу иштей баштагандыгынан көрүп турабыз. Алар акыркы кезде артында кандайдыр бир күчтүү кубат турганын сезишип, мыйзамды мыйзам бузуу негизинде коргой башташты. Алар жоопкерчиликти сезбей калышты. Бузук болсо да мыйзам үстөмдүгү жоголуп барууда.

 Рашод кары Камаловдун камакка алынышы, бир кезде Өзбекстанда өтө чоӊ таасирге ээ болгон Абдували карынын жок кылынышын эске түшүрөт. Бул иштер Өзбекстан калкы үчүн бүгүнкү күнгө чейин кандай акыбеттерди алып келип жатканын көрүп жатабыз. Хизбут-Тахрир мүчөлөрүнүн эч бир негизсиз камактарда кармап турулушу, Абдували карынын жок кылынышы, Шайх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуфтун сырдуу өлүмү жана мусулмандарга карата болуп жаткан кысымдар… булардын бардыгын Өзбекстанда Каримов өз режимин күчөтүү жана сактап туруу үчүн кылып жатат.

 Ал эми, учурда Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан Өзбекстанча саясат, кыргыз режиминин жок болуп кетишине алып барышы мүмкүн. Себеби, бул саясат Өзбекстан жана АКШ кызыкчылыктарын гана коргойт. АКШ болсо “Жибек жолу “ долбоорун көтөрүп чыгуу менен Орто Азияга Кытайды кызыктырып жаткан бир кезде, Хизбге каршы милиция кызматкерлерин ишке салуу менен Өзбекстанды да регионго кызыктырып келе жатат. Себеби, АКШнын региондогу кызыкчылыгы негизинен аскерий стратегияга каратылган.

 Демек, бул тышкы үчүнчү күчтөр Кыргызстанды россиячыл күчтөрдөн тартып алуу стратегиясы негизинде иш жүргүзүп жатышат. Өз кезегинде россиячыл күчтөр да буларга каршы бизди т.а. Кыргызстан жарандарын пайдалануу аркылуу ар түрдүү ыкмалар менен АКШга караштуу күчтөргө каршы иш алып барышат. Бул болсо, бир нече чоӊ т.а. эл аралык таасири күчтүү болгон мамлекеттер ортосундагы кызыкчылыктар талашы болуп, Кыргызстан кудум Афганистан сыяктуу кыйрандыга айлануудан башка натыйжаларга жетишпейт.

 Атамбаев айтып жаткан “Кокон хандыгы” операциясы АКШ менен Өзбекстан ортосунда иштеп чыгылып, Кыргызстандын түштүк бөлүгүндө олуттуу аракет кылып жатат. Кызык жери, алар өз максаттарын биздин күч түзүмдөрүбүздүн жарамында ишке ашырып жаткандыгында. Демек, жакында күч түзүмдөрүндө да бөлүнүүлөр пайда боло башташы мүмкүн.

 Атамбаевдин мынчалык күйүп-бышып жатканынан бир нече тыянактарды чыгарууга болот. Ошолордун биринчиси, президент жогоруда жүрүп жаткан бардык иштерден кабардар, бирок таасир өткөрүү кубатына ээ эмес. Экинчиси, күтүлүп жаткан парламенттик шайлоодо башаламандыктар жүз бериши мүмкүндүгү туурасында кандайдыр коркунучтар бар болсо, улутчулдук же дагы башка ыпылас ыкмалар да пайдалуу болуп калышы мүмкүн деген ойдо жүрүп жаткан жараяндар анын өзүнө да туура келип жатат.

Кандай болгон күндө да, Кыргызстан өлкөсү үчүн эч нерсе өзгөрбөйт. Мындай абалдарды биз мурунку эки революцияда көргөнбүз. Акаев да, Бакиев да өздөрүнүн башкаруудагы акыркы кездеринде кырдаалды оӊдоо үчүн аны мусулмандарга зулум кылуу тарапка буруп жиберүүгө катуу аракет кылышкан эле. Натыйжасы кандай болгонун баарыбыз жакшы билебиз.  Бирок, алар эч качан тышкы мамлекеттерге азыркыдай кылып дарбазаларды кеӊири ачып беришпеген эле. Кырдаал чындап эле олуттуу. Кыргызстандын түштүгү жаңы Кокон хандыгына дагы кайрадан кул болуп калышы мүмкүн.

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

11.04.2015

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here