Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 23-март күнү Европа мамлекеттерине баштаган турнесинин алкагында Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия жана Германияда болуп, ал мамлекеттердин башчылары жана Европа Союзунун жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын аягында саясий жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө тиешелүү бир катар документтерге кол коюлду.
Сапар убагында “Euronews” телеканалына интервью берген Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды башка “стандар” менен адаштырбастыкты сурады.
“Euronews” журналистинин: “Кыргызстанда кумсаларга каршы (антигей) жана чет элдик агенттер туурасында даярдалып жаткан мыйзам долбоорлору жетишилген демократиялык натыйжаларды жоготууга алып барбайбы”, – деген суроосуна жооп берген Атамбаев: “Сиз Кыргызстанды башка “стандар” менен бир аз адаштырып жатасыз. Бизде ар кандай мыйзамды парламент көрүп чыгат. Ал эми мен президент катары жылына 15 пайызга чейинки мыйзамдарга вето коёмун. Мен мыйзамдарга, албетте финансылык мыйзамдардан тышкары, вето коюу укугуна ээмин жана бул ветону жеӊип өтүү кыйын”, – деди.
Атамбаевдин баса белгилешинче, Кыргызстанда башка мамлекеттерде мыйзам долбоорунун даярдалышы анын кабыл алынышын түшүндүрбөйт: “Бул мыйзам парламенттен өтөбү? Кандай формада болот? Мага кандай жетип келет?”. Анын айтымында, президентке чейин жетип келген айрым мыйзамдардан көрүнүп тургандай, көпчүлүк адамдар дагы деле эскиче пикирлеп жатышат.
“Бизде, Кыргызстанда президент парламенттин күн тартибин белгилеп бербейт. Кандай мыйзам кабыл алууну парламенттин өзү чечет. Көбүнчө ушундай бир мыйзам долбоорлору болот дейсиӊ, аларга вето коюу керек болот. Ал эми бул нерсе бизде каалаганыӊды кылуу мүмкүн болгон, ошону менен бирге, президенттин сапарын жана иш-аракеттерин талкуулоо мүмкүн болгон демократиялык мамлекет жана демократиялык парламент экендигине далалат кылат”, – деди Атамбаев.
“Euronews” журналистинин: “Дагы силерде орус тилин расмий тил деген макамдан ажыратуу маселеси карап чыгылууда. Андайда Украинада болгон иштер силерде да жүз бербейби?” – деген суроосуна:
“Билсеӊиз, Кыргызстанда бир кездерде ушул сыяктуу мыйзам кабыл алынган эле. Бул мыйзамда мамлекеттик тилди билбегендик үчүн штраф салуу сунушталды, мен болсо ага вето койдум. Мына сизге дагы бир мисал. Ветону жеӊип өтө алышпады, мындан тышкары, Украинада революция жүз бергенде ыктымал аларды Борбор Азиядан бир гана биз куттуктадык. Бул өткөн жылдын февраль айында болгон эле. Кайрылуубузда биз аларга улуттар аралык маселелерге өзгөчө көӊүл буруу зарыл экендигин айтып өткөнбүз, себеби бул нерсе ар дайым чоӊ-чоӊ проблемаларга алып барышы мүмкүн”, – деп жооп берди Атамбаев.
Атамбаев 2010-жылдагы ынкылаптан бир нече ай өтүп, кудум бүгүнкү күндө Украина чыгышында болуп жатканы сыяктуу, Кыргызстандын түштүгүндө да айрым күчтөр тарабынан улуттар аралык кагышуулар уюштурулганын эске салып өттү. Атамбаев: “Биз бул тууралуу украиндерди эскерттик. Албетте, биз муну анык эстейбиз. Бизде ушундай парламент, кээде таптакыр ойлонбогон мыйзамдарыи кабыл алат, балким бул парламенттин күчү да ушунда болсо керек. Мен дагы бир жолу эскертип өтөмүн бул паламент – эмнени талкуулоону жана кандай мыйзамды кабыл алууну өзү чече турган парламент. Менин милдетим болсо, кээде алар сезим-туйгуларга берилип кеткен кезде бир аз эскертип өтүү, оӊдоп коюу жана вето коюудан турат”, – деп интервьюсун аяктады.
Туркистон:
Атамбаевге диний радикализм маселесинде “ислам мамлекети” коркунучунан тынчсызданып жатасыӊарбы жана ага каршы кандай чараларды көрүп жатасыӊар деген мааниде суроо берилди.
Атамбаев: “Ооба тынчсызданып жатабыз, бирок исламий радикалдардын – ынкылаптык аскерий аракеттерди баштай элегинде – алдын алуу операцияларын жүргүзүү абзел деп билемин”, – деди.
“Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде исламий согушкерлерге каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштөргө бир нече триллион доллар каражаттар кетип жатат. Биз Батыштан, ошол Сирия, Ирак, Ливия…. сыяктуу мамлекеттердеги сыяктуу согуштардын алдын алуу максатында, бир нече он миллион доллар сурасак бербедиӊер”, – деп таарынычын билдирди Атамбаев.
Атамбаев Кыргызстанга таасир күчү бар же таасир өткөрүүгө аракет кылып жаткан күчтүү мамлекеттер арасында алардын кайсы бири эмнени каалап жатканын түшүнө албай калды. Европага барышынын алдында Ислам жана мусулмандарга катуу сокку бергендей бир нече аракеттерди ишке ашырды. Балким Европа да андан ушундай аракеттерди күтүп жаткандыр. Себеби, Украина проблемасы Европаны согушка алып кирип кетиши мүмкүн. Ошондуктан, ал Кыргызстанда Россия үчүн жаңы фронт ачуу менен Украина маселесин бир аз жеңилдетип алууну көздөп жаткан болушу мүмкүн. Балким, Атамбаевдин бул тартуусу аларга жаккандыр. Себеби, Евроньюстун кабарчысы: “Биз да “ислам мамлекети” уюму коркунучунан катуу тынчсызданып жатабыз”, – деди.
Бул аркылуу ал Атамбаевдин Ислам жана мусулмандарга каршы аракеттерине макул жана ыраазы экендигин билдиргендей болду. Атамбаев аны ыраазы кылуу үчүн Кыргызстан коопсуздук комитети тарабынан иштеп чыгылган Ислам динине карата жаңы консепциянын таасири туурасында айтып өттү. Ал азыр көчөдө бара жатып мурда өтө көп кездешип жаткан хижабдуу аялдарды эми көрбөй жаткандыгын айтып мактанмакчы болду. Бул ошол консепция ийгиликтүү иштеп чыгылгандыгынын белгиси имиш. Эсиӊерде болсо, Саудияда арабдардан акча сурап жалынып жатканда мунун тескерисин айтып мактанган эле. Эми Европадан мурда алган акчалар үчүн отчёт берип жатып о.э. дагы жаӊы карыз алуу максатында мусулманга туура келбей турган сөздөрдү айтып жатат.
Атамбаев президент катары хижабдуу аялдар жөнүндө дагы ката сүйлөдү. Себеби, анын ушул сөзүнө негизделип, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери исламий хижаб кийген муслима аялдарга каршы аракеттерин ого бетер күчөтө башташы мүмкүн. Акыркы айларда ондогон муслима аялдарды ар түрдүү жалаалар менен камакка алышты. Ал тургай, алардын арасында 3 айлык наристеси менен бирге Бурулай аттуу бир карындашыбызды камап коюшту! Жашы 60 тан өткөн, өзү майып жана карамагында жашы жете элек майып кызы бар Сайракан эжебизди 8 жылга эркинен ажыратышты! Күч түзүмүнүн кызматкерлери “президент буларды өтө жаман көрөт” деген ой менен анын жолунан хижабдуу аялдарды мажбурий алып турушкан болушу мүмкүн! Себеби, президент жүрүүчү жолдордо хижабдуу аялдар көрүнбөстүгү мүмкүн эмес.
Акыры бул муслималар анын шайлоочулары эмеспи? Алар ушул хижабы менен бирге Кыргызстан мыйзамдары менен корголгон эмеспи? Муну менен “хижабдуу муслималар Кыргызстан жарандары катары президентинин конституциядагы коргоо кепилдигинен айрылышты” деп түшүнүшүбүз керекпи? Демек, Кыргызстан жараны катары бул мазлума болгон муслималар президентке күч түзүмдөрүнүн башаламан аракеттеринен арызданышынын эч кандай пайдасы жокпу? Же президент эмоцияга берилип дагы адашып кеттиби?
Аялдарыбызды хижабы менен бирге коргоо биз мусулман эркектер мойнубузда. Биз бул коргоону шайлоодо бийликти берүү аркылуу президентке аманат кылган элек. Эгерде президент аялдарыбызды коргоодон баш тартса, аларды коргоо дагы кайрадан бизге т.а. мусулман эркектерге кайтат жана важиб болуп калат.