АКШ Түркмөнстанга Афганистан менен болгон чегарасын бекемдөө үчүн аскерий жардам берет

339
0

 “CA-NEWS” сайтынын кабар беришинче, Түркмөнстан өкмөтү Афганистан менен чегара аймагынын коопсуздугун камсыздоо үчүн аскерий жардам сурап АКШга кайрылган эле.

 Америка ошол кайрылуунун негизинде жардам бере тургандыгын билдирген. Бул тууралуу АКШ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Остин Лойд өзүнүн Конгресстеги жылдык чыгышында билдирген.

 “Түркмөнстан Афганистан менен болгон чегарасын бекемдөө үчүн аскерий каражаттар жана технологиялар менен жардам берүүнү сурап кайрылды. Жана биз мүмкүнчүлүгүбүздөн келип чыгып жардам берүүгө даяр экендигибизди билдирдик”, – деп баса белгиледи башкы командачы. Бул тууралуу TOLO афган телеканалы кабар берүүдө.

 Телеканалдын кабар беришинче, Түркмөнстандын жогорудагы кайрылуусу “ИШИМ”дин Афганистандын түндүк бөлүктөрүндө катышуусу аныкталгандан кийин келип түшкөн.

 Түркмөнстан жана Афганистан ортосундагы чегара аймагы 209 км.ге барабар. Чегара аймагында Афганистандын Фарёб, Хирот жана Багдис областтары жайгашкан.

 Түркмөнстан Афганистан менен 14 жыл бою бейтараптык саясатын жүргүзүп келген. Ал эми АКШ кошуундарынын афган аймагынан чыгып кетиши жана “ИШИМ”дин активдешүүсү белгилүү болгондон кийин мамлекет өзүнүн коопсуздугу туурасында тынчсыздана баштаган.

 Туркистон:

Мындан бир аз мурда Түркмөнстандын Афганистан менен болгон чегарасында Өзбекстандын чегара наряды жана Россиянын аскерий адистери пайда болгондугу жана түркмөн аскерий кызматкерлери чегарага алынып келе жаткандыгы кабарланган эле. Бүгүнкү күнгө келип болсо, чегараларын коргоо үчүн түркмөн бийлигинин АКШдан аскерий жардам сураганы белгилүү болду.

 АКШ куралдуу күчтөрү Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Ллойд Остин конгресс алдында болгон жылдык отчётунда Вашингтон Ашхабаддын бул суранычына оӊ көрүнүштө жооп бериши керектигин белгилеп өттү.

 “Түркмөнстандын бейтараптык саясатын жүргүзүшү аскерий кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү сезиле турган көрүнүштө чектеп келди. Ал эми биз бул суранычты колдоп-кубаттоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз”, – деди генерал Остин.

 Түркмөнстан “эгемендүүлүккө” жетишкенден кийин бейтарап саясатты тандап, ар түрдүү саясий жана аскерий блокторго кошулбастык позициясын карманып келди. Бирок, акыркы кездерде АКШ тарабынан көтөрүлүп  жаткан “исламий коркунуч” кампаниясынан Россия өкмөтү Түркмөнстан мындай бейтарап саясатынан баш тартышы үчүн о.э. аны ЖККУ жана ШКУ сыяктуу өзүнүн таасири астында болгон аскерий жана саясий уюмдарга мүчө кылып алып кирүү үчүн пайдаланып калууга аракеттенүүдө.

 Мындан АКШ жана Россия ортосундагы кызыкчылыктар кагышуусу Борбор Азия үстүндө жүрүп жатат деген тыянак чыгарса болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here