Араб мамлекеттери лигасы душмандардын пландарын ишке ашырууга белсеништи

302
0

28- мартта Шармуш-шайх шаарында Араб биримдигинин жыйырма алтынчы жогорку деңгээлдеги жоолугушусу болуп өттү. Мисир жетекчилиги астында, бул жыйынга 19 араб өлкөсүнүн өкүлдөрү  жана 14 өлкөнүн мамлекет башчылары, өкмөт башчылары о.э. тышкы иштер министрлери катышты. Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери  Шармуш-шайхтагы бул жыйындын аягында, араб өлкөлөрү ыктыярдуу катыша турган “ бирикен араб куралдуу күчтөрүн” түзүүгө токтом кылышты. Араб биримдигинин башкатчысы Набиил аль-Арабий “бул токтом араб биримдигинин уставы негизиндеги “бороонду чечкиндүүлүк” болуп каларына жана араб куралдуу күчтөрүнүн хувсийлерге каршы согушу араб коомчулугун коргоого каратылгандыгына” ишара кылды.

Сауд бийлиги араб лигасынын жогорку деңгээлдеги жоолугушусунун чечимин күтпөстөн  жана Мисир бийлигин кошпостон эле чабуулду баштаган. Саудиянын согушту баштоого болгон токтомун анын Америкадагы элчиси Адил Жубайр жарыя кылган. Мисир бийлигинин хувсийлерге каршы каратылган “бороонду чечкиндүүлук” деп аталган бул согушту толук колдору жана Йеменге кургактык күчтөрүн киргизүүгө даярдык көрүп жаткандыгы жөнүндөгү билдирүүсү да  Саудия талап кылган нерселерден.

Бул согушка катышуу үчүн Мисир бийлиги жарыя кылган шылтоолор да, так эле Саудия чабуулду башташ үчүн колдонгон шылтоолордун дал өзү. Калган шериктеш өлкөлөрдүн катышуусу болсо, бар болгону парда ролун гана ойнойт. Негизи, бул чабуулдун чыныгы акыйкаты мындай: ал бир баскынчынын тараза ташын экинчи баскынчынын тараза ташынанан оор кылуу максатында гана ишке салынды. Үммөттүн ар-намысы, каны, жаны жана малы бул акимдердин оюнда да жок. Бул шериктештик чабуулу “Булуң аймагынан кызыл деңизге чейинки” араб коомчулугунун коопсуздугун сактоо максатында да эмес. Ошондой эле, Йемен калкынын тынчтык, туруктуулук жана бутүндүгүн сактап калууга болгон чакырыгына жооп ирээтинде да эмес. Бул билдирүүнүн жогору жагында айтылгандай: Жөөт учактары Газадагы бир туугандарыбызга кыргын салганда “Араб биримдиги жана шериктеш коргонуу келишимдери” кайда эле?!  Үммөтүн ыйык нерселери жана Пайгамбар с.а.в.дын миърожго көтөрулгөн жери тебелендиде калганда бул жер жайнаган аскерлер кайда оонап жатты эле?!

Бул аскерий иш чара үммөтүн душмандары тарабынан ишке салынды. Бул согуштун баасы айланып келип эле, бул согуштун курмандыгы болуп жаткан үммөтүн моюнуна түшөт. Бул согуштан тиги акимдер айтып жаткан жыйынтык эч качан болбойт. Йемен көйгөйү – бул үммөт душмандарынын козголоңду өз кызыкчылыктары тарабына буруп алууга аркет кылып жаткандыгында. Хувсийлер Америка демөөрчүлүгү менен Йеменди толук ээлеп алабыз деп ойлошту. Бирок, алар Йемендеги тең салмактуулукту толук бир тарапка оодаруу мүмкүн эместигин түшүнүшкөн жок. Ал тургай, Америка малайлары Саудия, Мисир да мындай кыла албайт эле. Ошондуктан, Йемендеги оор кырдаалды кайрадан мурунку абалына кайтарыш үчүн аскерий аралашуу зарыл болуп калды. Ошентип, “орточо чечимге “жетүү максатында сүйлөшүүлөргө мажбур кыла турган шарт жаратуу үчүн аскерий иш-аракет ишке салынды. Мына ушул аркылуу “кожоюндар” Йемендеги үлүштөрүн бөлүшүп алышат. Ушул жерден азыркыга чейин коркутуу менен гана чектелип келе жаткан Ирандын да позициясы түшүнүктүү болот. Анткени ага Америка гана рол берет. Ал ролду Америка кээде алып койсо, кээде чектеп койот. Америка азырынча ага рол тапшырбай турат.

Йемендеги  күрөштү Саудия менен Ирандын ортосундагы тирешүү, же суннийлер менен шиалар ортосундагы тирешүү, же малай акимдер араб коомунун коопсуздугун коргоп жатат деп ойлоого болбойт.  Бул малайлар бийлигибизди ушул кожоюндар сактап турат деп ишенишет. Андыктан алар кожоюндары бөлуштүрүп берген ролдорду гана аткарышат.

Батыш дайындаган акимдердин иш-аракетине үммөт алданып калбашы үчүн, биз ар дайым сергектик менен сереп салып турабыз. Бул акимдер Батыш кафирлери каалаган учурда кирип, байлыктарыбызды каалашынча ташып кетишине кенен жол ачып койушту. Андыктан, артында кордук жана карасантайлык жашырынган араб биримдигинин токтомдоруна ишене бербегиле. Бул араб биримдигинин жогорку деңгээлдеги жоолугушуусу, ири державалардын биздин малай акимдерге болгон көрсөтмөсүн ишке ашыруучу ”бирикен араб күчтөрүн” түзүү үчүн гана өткөрүлдү.

(Кыскартылып алынды)

Шариф Заид

Хизб ут Тахрирдин Мисирдеги маалымат кеңсесинин мүдүрү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here