Кыргызстан республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 19-март күнү Баткен областында Хизбут-Тахрирдин 16 мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө чек коюлгандыгы жөнүндө кабар таркатты. УКМК билдиришинче, 2015-жылдын 9-февраль күнү жаран М.Фга каршы Кыргызстан кылмыш кодексинин 299-2 (экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо,сактоо жана таркатуу) беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан диний экстремисттик уюмга тиешелүү болгон 16 адам аныкталган.
Маалымат кызматынын кабарына ылайык, УКМКнын аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү менен шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 17-март күнү шектелген адамдардын жашаган жерлерин тинтүүгө алышкан. Уруксат берилген тинтүүнүн натыйжасында ок-дарылары менен 2 пистолет, бычак, 200дөн ашуун китеп жана брошюралар о.э. 300гө жакын диний мазмундагы DVD дисктер табылган.
О.э. ыкчам-иликтөө чаралары маалында буга чейин Хизбут-Тахрирдин мүчөсү катары издөөдө жүргөн Кадамжай районунун тургуну А.М. аттуу аял да камакка алынган.
Туркистон:
Акыркы кездерде Кыргызстанда жүз берип жаткан иштер, ошону менен бирге, күч түзүмдөрү тарабынан Ислам жана мусулмандарга каршы кеӊири масштабдуу операциялар баштап жиберилиши жана бул жолдо негизги этибарды кыргыз коомчулугу ичинде таасир күчүнө ээ болгон Хизбут-Тахрир жамаатын жаман атты кылууга каратышы о.э. Кыргызстан бийлигине көз каранды болгон ЖМКлар күч түзүмдөрү тарабынан берилген кабарларды текшербестен эле таркатышы – Кыргызстанда президенттин таасир күчү калбаганына жана бардык иштер күч түзүмдөрүнүн колуна өтүп кеткендигине ишара кылып жатат.
Бүгүнкү күндө күч түзүмдөрү Кыргызстандагы бардык иштерди т.а. кылмыш дүйнөсүнөн баштап, мамлекеттик мекемелерге кадрлар дайындалышына чейинки бардык иштерди көзөмөлүнө алып болду. Президент да бийлигин сактап калуу үмүтүндө иш тизгинин күч түзүмдөрүнө берүү аркылуу өз элинин тагдырын алардын колуна тапшырып койгон окшойт.
Күч түзүмдөрү болсо өз кезегинде калкты коркуу астында кармап туруу үчүн Исламий коркунуч жана “ИШИМ” коркунучун мүмкүн болушунча күчөтүү аркылуу Ислам динине, айрыкча, Хизбут-Тахрирге көө жабуу максатында маалыматтык чабуулдарды күчөтүп барууда. Мындан көздөлгөн максат, Хизбди Кыргызстан жарандарынан бөлүп алуу же аны элдин көзүнө согушкер уюмдар менен аралаштырып жиберүү.
Бүт дүйнөгө белгилүү болгондой, Хизбут-Тахрир Исламды турмушка кайтарууну өзү үчүн максат деп белгилеген, азырынча бирден-бир Исламий, мабдаий саясий уюм. Максатына жетүү жолунда Хизбут-Тахрир пайгамбарыбыз Мухаммад саллоллоху алайхи ва салламдын тарыйкатына бекем амал кылган абалда пикирий жана саясий күрөш алып барат. Хизб тарыхында ыӊгайлуу абалдардан пайдаланып, экстремисттик (белгилүү бир кырдаалдар пайда болгондо өз акыйда, дастур же принциптеринен баш тартып, абалдан пайдаланып алуу) аракеттерге берилип кетүү абалы жүз берген эмас. Мындан кийин да Хизб пикирий вужуд катары, ал тургай Халифалык мамлекетинин көлөкөсү астында да, бирер маддий аракетке киришүүнү өзү үчүн шаръий эмес амал деп билет.