Борбор Азиядагы диний уламалар Бишкекте жолугушат

324
0

 Борбор Азия мамлекеттеринин дин аалымдары, Уламалар кеңештеринин мүчөлөрү Бишкекте чогулуп диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнү талкуулайт. Форум 11-мартта “Ак-Кеме” отелинде өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар “Азаттык” радиосуна билдирген.

Иш-чарада диний радикалдашууну алдын алуу боюнча биргелешкен план иштелип чыгат. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан адистер катышат.

Форумду “Дин, укук, саясат” уюму, Бишкектеги Ислам изилдөө илимий институту жана “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюму биргеликте уюштуруп жатат.

 Туркистон:

Үстүбүздөгү жылдын 2-3-март күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстандын Стратегиялык изилдөөлөр институту менен УКМКнын терроризмге каршы күрөшүү борбору кызматташтыкта “Борбор Азияда экстремизм жана диний радикалдашууга каршы күрөштө өкмөттүк органдар жана илимий-изилдөө институттарынын аракеттерин бириктирүү” деген аталышта форум уюштурган эле.

 Ошол форумда Борбор Азияда жайгашкан бардык республикалардын күч органдарынын өкүлдөрү катышышкан эле. О.э. экстремизм жана терроризмге каршы күрөштө күч органдары менен илимий институттар кызматташтыгын күчөтүүгө келишип алышкан болчу. Эми болсо кезек диний уламаларга келди.

 АКШ менен Россия башчылыгында Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүлүп  жаткан күрөштүн Борбор Азия мамлекеттеринде кеӊири жайылышында жергиликтүү эксперттер негизги ролду аткарып беришүүдө. Алар “талдоолору” менен иш жүзүндө жок болгон коркунучту пайда кылуулары же ашыкча көбүртүп жиберүүлөрү артынан расмий бийлик мусулмандарды куугунтуктап жана кысымга алып, мусулмандарды өздөрү үчүн киреше булагына айландырып алууда.

 “Дин, укук жана саясат” борборунун жетекчиси Кадыр Маликов “Ислам мамлекети” уюму Борбор Азияда бир катар террордук чабуулдарды ишке ашыруу үчүн 70 миллион доллар бөлгөндүгү туурасында” айтып, бирок, муну тастыктоочу бир да далил келтирбеген болсо да, Кыргызстан УКМКсы анын сөздөрүнө таянып, “Ислам мамлекети” уюму сыяктуу радикалдык уюмдар мамлекеттин түштүгүндө жана Өзбекстандын Андижан областында тамыр жайып жатканын о.э. Ош шаарында жана Андижан областында бир катар террордук чабуулдарды ишке ашырууну пландаштырган адамдар колго түшүрүлгөнүн” билдирген эле.

 Мына ушундай коркутуулардын артынан Борбор Азия республикалары жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча күч органдары менен илимий борборлор Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө күчтөрүн бириктирүү аракетине киришип кетишти. О.э. өздөрүн диний жетекчи деп эсептеген уламалар да алардын колунда куурчак болуп ойноп беришүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here