Кыргызстанга мигранттар массалык түрдө кайтып келе баштады. Алар Кыргызстан ИДПсынын негизги өнүктүрүүчү факторлору болчу. Эми алар Кыргызстанда жумушсуздар армиясына айланышы күтүлүүдө.
Мигранттарга жардам көрсөтүүчү “DanChurchAid” уюмунун билдиришинче, Кыргызстан жарандарынын болжол менен бир миллиону тышкарыда, негизинен Россия жана Казакстанда иштешет. Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.3 миллиард доллар жөнөтүшкөн. Бул Кыргызстандын ИДПсынын болжол менен 3.2%ын түзөт.
2014-жылдын экинчи жарымынан баштап мигранттардан келүүчү каражаттардын көлөмү бир нече эсеге азайып барууда. Бул нерсе албетте Россиянын башына түшүп келе жаткан кризиске байланыштуу. Бирок, долларга карата кыргыз сомунан да төмөндөп бара жаткан орус рубли жана Россиядагы экономикалык кризистин натыйжаларынан ал жердеги жарандарда да жумушсуздук күчөп барышы, Кыргызстандын жарандарын өз мекенине кайтууга мажбур кыла баштады. Бул нерсе кыргыз өкмөтү үчүн өтө чоӊ проблемаларды алып келиши мүмкүн. Себеби, Кыргызстан эл аралык мыйзамдарга ылайык жана белгиленген өлчөмдө аларды жумушсуздук пособиелери менен камсыздашы керек.
Кыргыз мигранттары интернеттеги социалдык тармактардан : “ Биз кайтып жатабыз, бизди жумуш менен камсыздайсыӊар. Болбосо эмне болушун жакшы билесиӊер”, – деген мааниде кабарларды тарката башташты. Муну Кыргызстандын коопсуздук кызматтары, провакация деп айтышы анык. Бирок, ушул провакация үчүн өтө ыңгайлуу абал пайда болуп жатканын алар четке кага алышпайт. Себеби, мигранттардын көпчүлүгү жаш, күч-кубаты бар жана тышкы чөйрөдөн таасирленген, негизгиси исламий туйгулары күчөгөн адамдардан турат. Кыргыз өкмөтү элди чалгытуу үчүн Сириядан кайтып келип жаткан мухажирлер коркунучун көтөрүп жатышат. Бирок, түпкүлүгүндө Россиядан кайтып жаткандар кооптуураак экенин алар жакшы билишет.
Бул өтө чоӊ күч жана бул күчтү белгилүү бир тарапка багыттоо өтө кыйын. Экономикалык кризис абалында болсо, тышкы үчүнчү күчтөр үчүн кыйынчылык жана жумушсуздук проблемалары өтө ыңгайлуу абалдарды пайда кылышы мүмкүн. Экономикалык кризис жарандарды бийликке карата терс көз караш менен кароого мажбур кылат. Экинчи чоӊ идеологиялык кубат болгон Ислам жана мусулмандар болсо, исламий баалуулуктарын тебелеп-тепсеп келе жаткан бийлик менен кызматташа албайт.
Мындан тышкары “Вечерний Бишкек» газетасынын билдиришинче, 2013-жылга салыштырганда 2014-жылы Кыргызстанга тышкы мамлекеттерден келип жаткан тышкы инвестициянын көлөмү 77% га азайган. Кумтөр проблемасы да проблема болуп турат.
Эки жолку бийликтин кулатылышы Россия менен кызматташтыкта ишке ашырылгандыктан, Кыргызстан Россия тарапка жүздөнүп, жогорудагы пайда болуп келе жаткан кризистик абалга жакшы көӊүл бурбай жатат. Бирок, бул жолу иш башкача сценарийлер негизинде жүрүп жатат. Иш түстүү революциялар тарапка бара жаткандай.
Тарыхта бул сыяктуу революциялар Грузия, Украина сыяктуу Россия үчүн Кыргызстандан да маанилүүрөөк региондордо болуп өткөн. Россия ал иштерди токтотуп кала албаган.