Назарбаев экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү милдетин тапшырды

386
0

  Президенттин маалымат кызматынын кабар беришинче, Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышкан Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев мамлекетте экстремизм жана терроризмге каршы күрөштү күчөтүү зарыл экендигин белгилеп өттү.

 Жыйында 2014-жылы улуттук коопсуздук стратегиясын ишке ашырууда жетишилген утуштар, мамлекеттин куралдуу күчтөрүн бекемдөө маселеси жана үстүбүздөгү жылдын эӊ маанилүү маселелери талкууланды.

 Кабарда: “Мамлекет башчысы өз сөзүндө белгилеп өтүшүнчө, көрүлүп  жаткан иш-чаралар улуттук кызыкчылыктарды жетиштүү даражада камсыздоо мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Ошону менен бирге глобалдык жана регионалдык жараяндар натыйжасында диний экстремисттик, террористтик жана экономикалык көрүнүштөгү коркунучтар сакталып калууда. Казакстан президенти бул жаатта учурдагы антитеррордук инфраструтктураны жакшыртуу керектигин баса белгиледи”, – деп айтылат.

 Айрыкча, мамлекет терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча укуктук жана институттук механизмдерди иштеп чыгуу, антитеррордук операциялар үчүн атайын күчтөрдү жабдуу жана алардын даярдыгын күчөтүү боюнча иш-чараларды кабыл алат. Жарандарда экстремисттик идеяларга каршы имминутетти калыптандырууда үгүттөө иштерине көӊүл бурат. Кабыл алынып жаткан укуктук жана профлактикалык иш-чаралар радикалдык идеяларды ээрчүүчүлөр санын азайтуу мүмкүнчүлүгүн берет.

 Кабарда айтылышынча, “О.э. Назарбаев өкмөт жана жергиликтүү аткаруу органдары мамлекеттеги жана негизги соода өнөктөштөрү базарларындагы кырдаалды туруктуу көрүнүштө талдап турушу жана зарыл болсо тийиштүү иш-чараларды кабыл алышы керектигине көӊүл бурду. Мындан тышкары, тез өнүгүп жаткан кырдаалда ички саясий туруктуулукту сактап калуу, социалдык жана жумуш проблемаларын жоюуга өзгөчө көӊүл буруу керектигин, ошону менен бирге эмгек жана экономикалык чатактарды жөнгө салууда катышуучулар тарабынан мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо маанилүүү экендигин айтып өттү”.

 Мындан тышкары, Назарбаев “Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Казакстан мүмкүнүчүлүгүндө болгон бардык чараларды ишке салат” деди жана буга жетишүү жолунда бардык дипломатиялык ресурстардан пайдалана тургандыгын айтып өттү.

 Туркистон:

Казакстанда бир нече финансылык кризис абалдары болуп өттү жана учурда да анын таасирлери бар. Бирок, экономикалык кризис коркунучу эми олуттуу көрүнө баштады. Бул Россиянын үстүнө түшүп келе жаткан экономикалык кризиске жана ЕВРАЗЭС уюмунун ишке киришүүсүнө байланыштуу.

Назарбаевдин антитеррор аракеттерин күчөтүү операциялары, негизинен ушул кризис кирип келиши менен анын өз калкынын жасалма түрдө жогору көтөрүлгөн жашоо деӊгээлин эми кармап тура албастыгына байланыштуу. Казак элинин жашоо деӊгээлинин төмөндөшү болсо, Назарбаевдин саясий атаандаштары үчүн өтө ыӊгайлуу абалды пайда кылат. Бул болсо, президенттик шайлоонун алдында өтө ыӊгайсыз абалдарга алып барышы мүмкүн. Ошондуктан, Назарбаев да дагы бечара мусулмандарды бутага алды. Түпкүлүгүндө, Ислам жана мусулмандар тарабынан эч кандай коркунуч жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here