Кыргызстандын президенти А. Атамбаев 2015-жылдын 9-февралынан баштап кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Кыргызстан кимдердин колунда калды?

311
0

2015-жылдын 9-февралынан баштап президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандагы расмий маалымат каражаттары кабарлашты.

10-февралдан баштап мамлекет тарабынан Ислам жана мусулмандарга каршы масштабдуу операциялар башталды. 7-февраль күнү мурдагы башкы прокурор Аида Салянова маалымат жыйынын уюштуруп: “ Мен өз каалоом менен жумуштан кеткен эмесмин. Мага ар тараптан кысымдар көрсөтүүлөр болду. Президент мени коргободу”, – деди.

 

Президент балким коргой албагандыр? Себеби, президент жаңы жылдын алдында берген маалымат жыйынында, отпускада жүргөн Аида Салянова туурасында: “Салянова кызматтан кеткен жок. Эч кайда кетпейт. Ал тургай, мен ал сыяктуу адамдардын келечекте президент болушун каалайм”, – деп айткан эле.

 

Президент башкы прокурорду сактап кала албаса, мусулмандарды кандайдыр жырткыч топтор чеӊгелине таштап качса. Мындан бир гана күмөн, аныгыраагы элдин арасындагы имиштер чындыкка жакын экендиги белгилүү болот. Ал сөздөргө караганда, президент жана анын командасы Кыргызстандагы негизги күч эмес.

 

Имиштер президентке таасир өткөрүшү мүмкүн болгон ошол фигура Өмүрбек Текебаев экендигине ишара кылууда. Текебаев ким? Ислам жана мусулмандарга каршы анда ушунчалык карамүртөздүк кайдан пайда болушу мүмкүн?

 

Текебаев 1958-жылы 22-декабр күнү Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районунда төрөлгөн. Жогорку Кенештин төрт жолку чакырылышынын депутаты, “Ата Мекен” партиясынын лидери, Кыргызстанда кызмат көрсөткөн юрист, 1- класстагы мамлекеттик кеӊешчи.

 

Атамбаев убактылуу өкмөттүн ичинен президент болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин башкарып келишинде Текебаевдин таасири өтө күчтүү. Ал Атамбаевдин саясий жана юридикалык тараптан негизги т.а. жападан-жалгыз кеңешчиси болуп келет. Муну билген саясий элита “бардык кадрлар маселесинде да Текебаев негизги кординатор” деп тан алышат. Салянованын кызматтан кетишинен, Кыргызстандын баш мыйзамы болгон конституцияны иштеп чыгуу анын ыктыярына толук тапшырып коюлганынан, шайлоодо “Ата Мекен” партиясы дээрлик жеӊилип турган кезде Текебаев жеке өзүнүн кадырын ишке салып, бүт мамлекетти алдоо менен таза эмес жолдор аркылуу парламентке өтүп кеткендигинен бул божомолду кубаттай алабыз.

 

Текебаевдин Ислам жана мусулмандарга каршы душман болушуна дээрлик негиз жок. Эмне үчүн ал Атамбаев батына албаган ишке, аны четтетип туруп болсо да жол ачып берүүдө? Балким, парламенттик шайлоонун алдында мусулмандарды четке сүрүп чыгарып жибермекчи болуп жаткандыр? Мунун негизи бар. Ал Ислам жана мусулмандардын колдоосунан пайдалана албайт. Себеби, конституцияны жазып жаткан кезде, анын мамлекет светтик (дин мамлекеттен ажыратылган) негизге курулат деп катуу туруп алганы эч кимге сыр эмес. Муну менен ал исламий партиялардын парламентке киришине жана жалпысынан мамлекеттик башкарууда болушуна чек койгон эле. Бирок, ал мусулмандарды же исламий жамааттарды ар кандай шайлоолордо шайлоо укугунан ажырата албаган. Ушундан келип чыгып айтышыбыз мүмкүн болгондой, жогорудагы мусулмандарга каршы багытталып жаткан долбоор Текебаевди кызыктырышы мүмкүн. Себеби, шайлоо белгиленген убагынан бир топ алдыга жылышы мүмкүн. Текебаев шайлоодо мусулмандар добушунан эч ким пайдалана албашын каалайт.

Бирок, Атамбаевди четтетип туруу операциясы да өтө маанилүү жараян. Булар Россия менен АКШны ыраазы кылуунун айласын ойлоп табышкан окшойт. Себеби, “ИШИМ” коркунучтарынын бардыгы АКШнын долбоору. Текебаев башкарып келе жаткан учурдагы Исламга каршы операциялар да ошол коркунучтар артынан келиши анык болгон жараян. Бул Исламга каршы жүргүзүлүп жаткан операцияларды эки түрдүү түшүнүүгө болот.

Биринчиси: Россиянын колдоосу менен Өзбекстандагы Андижан окуясы сыяктуу нааразылыктарды уюштуруу. Кыргызстанда АКШ тарабынан активдүүлүк менен жүргүзүлүп жаткан “жоогазын революциясы” аракеттеринен мурда, өздөрү элди провокация кылуу аркылуу башаламандык пайда кылуу жана бул аркылуу мамлекетке каршы турган бардык күчтөрдү биротоло жок кылуу о.э. Батыш тарабынан жүргүзүлүп жаткан маалыматтык чабуулду да токтотуп калуу максаты көздөлөт.

Экинчиси: АКШ менен кызматташтыкта жүрүп жатат. Т.а. “ИШИМ” коркунучу таркатылышынан көздөлгөн максатты көздөй бара жатат. АКШ Равшан Жээнбеков башчылыгындагы делегацияны Вашингтонго чакырды. Алар кайтып келээри менен оппозиция өкүлдөрү жакшы эле кубаттана башташты. Иш “жоогазын реолюциясын” эске түшүрүп барууда. АКШ кыргыз бийлигин шантаж кылып, өз кызыкчылыгы тарапка жүргүзүп жаткан болушу мүмкүн. Атамбаевдин бул жараяндардан бир четте туруп алышы жана 7-февралда Путин менен Сочиде бирге болушу, жогоруда айтып өткөнүбүздөй, Атамбаев Россияны ыраазы кылууга, Текебаев болсо АКШга мүмкүнчүлүк жаратып берүүгө  багыт алып, экөө келишкен абалда эки тарапты теӊ бирдей ыраазы кылуу менен креслолорун сактап калууга аракет кылып жатышат.

Мындайда Кыргызстандын абалы эмне болот?