10-февраль күнү Брюсселдеги медиа борборунда өзбекстандык, казакстандык жана кыргызстандык журналисттер менен телефон аркылуу болуп өткөн маалымат жыйынында сүйлөгөн АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы, АКШ Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыгын о.э. Борбор Азиядагы мамлекеттер террордук топтор үчүн башбаанекке айланышына жол бербестигин айтып өттү.
Борбор Азия туруктуулугу туурасында “күйүп-бышкан” Роземблюм: “Биз Борбор Азия террорчулар үчүн башбаанек болушун каалабайбыз, ошол себептен улам региондогу расмий өкүлдөр менен жолугушуу маалында коопсуздук, терроризм, наркотрафик о.э. “ИШИМ”ге каршы күрөштө кызматташтыкты кеңейтүү туурасында талкуулаштык”, – деди.
Борбор Азиянын бардык беш мамлекетинде болгону туурасында токтолгон Розенблюм: “Эӊ оболу айтмакчы болгонум, региондогу борборлордо болгонумда мен кээ бир каалоолорду уктум. Биринчиси, бул туруктуулукту каалоо. Мен муну расмийлерден эле эмес, мамлекеттик эмес тармактардан жана бизнес өкүлдөрүнөн да уктум. О.э. региондогу окуялардан кээ бир тынчсызданууларга, айрыкча эл аралык антитеррор миссиясы аяктагандан кийинки Афганистандагы абалга тынчсызданууларга да күбө болдум. Мындан тышкары, Украинадагы окуялар региондогу мамлекетке кандай таасир тийгизиши туурасында тынчсыздануулар бар экендигин көрдүм” – деди.
Розенблюмдун айтымында, Борбор Азияда ал көӊүл бурган маанилүү чекит – мамлекеттердин эгемендүүлүктү, суверенитетти жана эркин тандоо укугун сактап калуу каалоосу.
“Борбор Азия мамлекеттери эгемендүү болушканы менен сыймыктанышат жана тышкы аралашууну каалашпайт. Регион мамлекеттери АКШ менен түрдүү тармактарда дагы да тереӊ жана кеңири кызматташууну каалашат”, – деди мамлекеттик департаменттин өкүлү.
Туркистон:
Сыртынан караганда АКШ Борбор Азияда туруктуулук болушу үчүн күйүп жаткандай көрүнсө да, түпкүлүгүндө жок эле коркунучту көбүртүп көрсөтүү аркылуу бул мамлекет жетекчилерин коркуу астында кармап турууга жана ушундай жол менен өзүн жападан жалгыз тынчтыктын кепилдиги катары көрсөтүүгө аракет кылууда.
Жергиликтүү эксперт жана массалык маалымат каражаттары бул сыяктуу расмийлер берген билдирүүлөр чындыкка канчалык дал келишин текшерип көрбөй туруп эле коркунучту ого бетер күчөтүп берүүгө кызмат кылышууда. Алар тарабынан берилген билдирүү жана кабарларга таянган расмий бийлик болсо өзү билген же билбеген абалда саясий каталарды кетирүүдө. Чоӊ мамлекеттердин негизги максаттары болсо дал ушундан турат.