Өкмөт кимдин буйругун аткарууда?

340
0

Акыркы кездерде Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарында, көзкарандысыз эксперттердин, өкмөт мүчөлөрүнүнү жана  күч түзүмдөрүнүн Кыргызстанда пайда болгон жана “олуттуу коркунуч” туудуруп жаткан “исламий коркунуч” туурасындагы кабарлары тез-тез пайда болууда.

 Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Дин, укук жана саясат” борборунун директору Кадыр Маликов 21-январь күнү Бишкек шаарында болуп өткөн маалымат жыйынында, “Ирак жана Сириянын бир бөлүгүн ээлеп алган “Ислам мамлекети” террордук тобу Борбор Азияда башаламандыкты келтирип чыгарууга 70 миллион доллар бөлгөнү” жөнүндө билдирген эле.

 Вице-премьер Тайырбек Сарпашев болсо Ош областына болгон сапары маалында Кара-Суу жана Араван райондорун Луганск менен Донецк шаарларына салыштырып, “бул жердеги кырдаал өтө кооптуу жана жайгашкан жерлери да бирдей экендигин” айтып, күч түзүмдөрү үчүн улуттук жана диний жикчилдикке кеӊири жол ачып берип кетти.

 Ко-ош, Кыргызстанда диний кырдаал расмий өкмөттүн өкүлдөрү жана көзкарандысыз эксперттер башарат кылып жатышкандай өтө эле кооптуубу?

 Оболу Россия жана Батыш мамлекеттери тарабынан көбүртүп көрсөтүүгө аракет кылынып  жаткан Афганистан “коркунучуна” токтоло турган болсок; АКШ 2001-жыл, 11-сентябрдагы “террористтик чабуулду” уюштуруп, ал чабуулдун артынан Афганистанга бастырып киргенге чейин 10 жылдай убакыт бийликте турган Талибан кыймылы бир жолу да кошуна республикаларга коркунуч туудурбаган жана бастырып кирүүгө аракет да кылбаган. Акыйкатта болсо, ошол кезде бул иш Талибан үчүн анчалык кыйын болбойт эле. Буга 1999-2000-жылдардагы окуяларды мисалы келтирүүгө болот. Ошол жылдары “Өзбекстан ислам кыймылынын” ондогон согушкерлери Кыргызстандын Баткен областы жана Өзбекстандын Сариосиё жана Узун райондоруна бастырып кириши бул мамлекеттердин аскерий күчү канчалык экендигин көрсөтүп койгон эле. “Өзбекстан ислам кыймылына” салыштырганда он эсе көп күчкө ээ болгон Талибан кыймылы болсо Борбор Азия республикаларынын бирине да коркунуч туудурууга умтулбады.

 Бүгүнкү күндө бүт дүйнөгө “мокочо” кылып көрсөтүлүп жаткан “Ислам мамлекети”не келсек, бул уюм тарабынан көтөрүлүп жаткан такфир фатвалары Борбор Азия республикаларында, айрыкча Кыргызстанда кеңири жайылышы үчүн шарттар жок. Себеби, бул  өлкөлөрдө “мусулмандар адашуу менен кафир болуп калышпайт, аларды жалпысынан куфр нисбаты менен айыптоого болбойт” деген исламий дүйнөкараш өкүлдөрү бар. А бирок, бул мамлекеттердин жетекчилери Россия жана Батыш мамлекеттеринин талаптарын аткаруу аркылуу мындай чөйрөнү өздөрү пайда кылып бериши мүмкүн.

 Өзбекстан президенти Ислам Каримов тарабынан Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүлүп жаткан ырайымсыз күрөш; мусулмандарды туура жолго баштоочу калыс диний жетекчилердин жок кылынышы; карапайым калктын ар кандай адамдык жана диний укуктарынан ажыратылышы, – булардын бардыгы бул республикадагы мусулмандардын башка республикаларга караганда көбүрөөк радикалдашуусуна алып келди. Бүгүнкү күндө жарыя кылынып жаткан расмий жана расмий эмес отчётторго ылайык, Борбор Азия республикаларынан барып Ирак, Сирия жана башка мамлекеттерде согушуп жаткандардын ичинде өзбекстандыктар көпчүлүктү түзүшү бекеринен эмес.

 2010-жылдагы июнь окуялары жана бул окуя артынан улуттук жикчилдик кеңири кулач жайганга чейин бирер мусулмандын Кыргызстандан чет өлкөлөргө чыгып кетиши катталбаган эле. Ал эми расмий бийлик тарабынан улутчулдукту жок кылуу жолунда иш жүзүндө бир да кадам ташталбагандан кийин, жүздөгөн мусулмандар чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө жана колдоруна курал алууга мажбур болушту.

 Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 7-февраль күнү Сочи шаарында Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуп келди. Ошол жолугушууда Путин Атамбаевге мурун коюлган талапты аткарууну дайындаган окшойт. Себеби, Владимир Путин Атамбевден Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгонго чейин мамлекеттеги диний абалды “изге салууну” талап кылып келүүдө. Путиндин талабын аткаруу жана Россия көрсөтүп жаткан материалдык жардамдарга ээ болуу үмүтүндө Атамбаев өтө чоӊ саясий ката кетирүүдө.

 Ошол себеп улам да эки президент жолугушкандан эки көн өтпөй туруп, 9-февраль күнү Кыргызстандын бир катар шаар жана райондорунда мусулмандарга каршы бир нече операциялар болуп өттү. Ошолордун катарында, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында Хизбут-Тахрир партиясынын мүчөсү деп шектелген төрт мусулмандын үйүндө тинтүү өткөрүлүп, камакка алынышкан болсо, Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айылында да бир мусулмандын үйүндө тинтүү өткөрүлдү. Ошол эле күнү Ош областына караштуу Кара-Суу шаарында да Хизбут-Тахрирдин мүчөсү деп шектелген 15 мусулмандын үйүнө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери “конокко барышты”. Бул мусулмандар менен бир убакта үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сарахсий” мечитинин имамы Рашод кары Камалов болсо бүгүнкү күнгө чейин камакта калууда. Акыйкатта болсо, Кыргызстандын түштүк регионунда улутчулдук күчөшүнө жана “Ислам мамлекети” тарабынан көтүрүлүп жаткан такфир түшүнүгүнө каршы турушу мүмкүн болгон адамдардын бири дал ушул Рашод кары экендигин расмий өкмөт эсепке албай жатат.

 Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев бүгүнкү күндө Өзбекстанды порох салынган бочкага айландырып койгон Ислам Каримовдун каталарынан тыянак чыгарышы керек эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here