2013-жылы 20-ноябрь күнү Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянова тарабынан Жогорку Кенештин депутаты, парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибековго карата КР кылмыш кодексинин 303. 1. (коррупция), 304. 4. (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренелери негизинде кылмыш иши козголуп натыйжада Акматбек Келдибеков УКМКнын тергөө изоляторуна жайгаштырылган болчу. Башкы прокуратуранын дааба кылышынча, Келдибеков мамлекетке 40 миллиондук зыян жеткирген.
2014-жылдын 26-май күнү Бишкек шаарына караштуу Октябрь райондук соту Келдибековго карата баш коргоо чарасын дагы бир айга узартуу жөнүндө чечим кабыл алды. Ошол чечимден бир күндөн кийин т.а. 27-майда Келдибековдун тарапкерлери Ошо-Эркечтам автожолун тосуп коюшту жана Акматбек Келдибековго карата колдонулган баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууну талап кылышты. Расмий бийлик алардын талабына эч кандай мамиле билдирбеген соӊ, нааразы болгондор Кыргызстандын Башкы прокурору Аида Салянованын отставка кетишин да талап кыла башташты. Мына жыйырма күндөн бери жол тосук бойдон калууда.
5-июнь күнү Алай райондук прокуратурасы жол тосууну мыйзамсыз деп эсептөө үчүн райондук сотко кайрылды жана райондук сот 6-июнь күнү прокуратуранын сунушун макулдаган чечим кабыл алды, бирок ошого карабастан, нааразы болгондор жолду ачышпады. Ош областынын губернатору Сооронбай Жээнбеков жана Ош областтык ИИБнин башчысы Сүйүн Өмүрзаков 9-июнь күнү Келдибековдун тарапкерлери менен жолугушуу үчүн Гүлчөгө барышты, а бирок, эч кандай натыйжага жетишишпеди. Ош областтык ИИБнин маалымат кызматынын кабар беришинче, автотрасса тосулган жердеги боз үйлөрдүн саны 19га жеткен. Жол тосулгандыгы себептүү 200дөн ашык жүк машиналары топтолуп калган. “Алардын 139у “Эркечтам” бажы постунда, дагы 80 жүк машинасы тосулган жолго жакын аймакта турат”.
Расмий кабарларга ылайык, жол тосулгандыгы себептүү мамлекетке 100 миллион сомдон ашык материалдык зыян жеткени, жол тосулгандыгы себептүү жүктөрүн өз убагында жеткирип келе албаган соодагерлер жеткирилген зыянды төлөп берүүнү суранып өкмөткө арызданышканы жана Чоӊ-Алай районунун Дарооткоргон жана Сопукоргон айылдарынын калкына пенсия жеткирип бере албай жатканы айтылууда.
Бийликке күчүн көрсөтүп коймокчу болуп жаткан оппозициядагылар акча жана тамак-аштын акысына жол тосуп турууга адамдарды үндөп жатышкан болсо, расмий бийлик болсо, нааразылык акцияларын күч менен бастыруу 2005 жана 2010-жылдарда бийликтин алмашуусуна алып баргандыгын жакшы билгени себептүү бул жолу нааразыларга карата күч колдонуудан сактанып турат жана ар түрдүү кабарлар, кеп-сөздөр аркылуу адамдарды бири-бирине каршы коюуга аракеттенүүдө . О.э. адамдардын өзү “антимитинг” өткөрүп жолду ачып ташташын күтүүдө.
Бийлик, мансап жана кадыр-барк үчүн күрөшүп жаткан саясатчылар болсо элдин кызыкчылыгы жана өмүрү үстүндө өз оюндарын улантышууда.