Кыргызстан Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Азамат Дүйшенбековдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, эки тараптуу келишимге ылайык, Россия Кыргызстанга аскерий техникаларды жеткирип бере баштаган.
Анын айтымында, 2014-жылы эскирген курал-жарак калдыктарын зыянсыздандыруу жабдыктары келген болсо, ушул жылдан тарта артиллериялык куралдар, курал-жарактардын запастык бөлүктөрү, полигондук жабдуулар ж.б. аскерий техника келип жатат. Дүйшенбеков азыркы келген аскерий техниканын санын ачыктаган жок.
2012-2013-жылдардагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Орусия кыргыз армиясына суммасы 1 миллиард долларлык курал-жарак жана аскердик техника берери айтылган.
Мындан тышкары, Россия Тажикстанга да 400 миллион долларлык аскерий техника жана курал-жарак жеткирип берүүгө убада берген болчу.
Туркистон: Россия Кыргызстанды куралдантуудан бир нече кызыкчылыктарга ээ болот. Ал Кыргызстанды карызга батырып, анын акысына, кудум газ тармагы сыяктуу, өзү каалаган пайдалуу тармакты тартып алышы мүмкүн. Демек, ал эӊ керексиз эски техникаларын берүүнүн акысына, өлкөбүздөгү кымбат баалуу тармактарды тартып алат. О.э. ал Кыргызстандын аскерий техникасын өзүнө көз каранды абалда кармап турат. Бул нерсе Кыргызстанды аскерий күчтөрүн модернизациялоо аркылуу жаңы курал-жарактар менен алмаштырып алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Бул иштер кыргыз армиясын Россиянын эскирген аскерий техникаларын сатып алуучу кардар катары кармап турат. Бул нерсе кыргыз армиясын модернизациялоону пландаштырып жаткан АКШ аскерий техникаларын Афганистандан алып чыгып келе жаткан бир убакта Россия үчүн өтө маанилүү.