Кыргызстандын түштүгүнө газ жеткирип берүү кайрадан тикелениши

338
0

Кыргызстандын түштүгүнө газ жеткирип берүү кайрадан тикелениши акысына Россия Өзбекстандын 3 миллиард долларлык карызын кечкен

“Вечерний Бишкек” газетасы өкмөттөгү булагына таянып кабар беришинче, Россия президенти Владимир Путин менен Ислам Каримов ортосунда болуп өткөн жолугушууда Кыргызстан түштүгүнө газ жеткирип берүүнү улантуу туурасындагы келишимге жетишилген.

Басылманын жазышынча, Кыргызстанга газ жеткирип берилишинин акысына Россия Өзбекстандын 3 миллиард долларга жакын карызын кечүүгө ыраазы болгон.

“Советтер союзу бөлүнгөндөн кийин Өзбекстан Россиядан карыз болуп калган жана бул карыз эгемендүүлүк жылдарында да төлөнбөгөн. Алгач Өзбекстан газ жеткирип берүүнүн акысына карыздан баш тартууну талап кылды. Ошол себептен да расмий Ташкент жогорудагы маселеде кыргыз өкмөтү менен ар кандай сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келди”, – деди булак.

28-декабрь күнү жылдын жыйынтыгы боюнча болуп өткөн маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев “мамлекеттин түштүк областтарына газ жеткирип берүү 2015-жылдын күз айларына барып кайрадан калыбына келтирилет” деген эле.

Ал эми 30-декабрда газ жеткирип берүү кайрадан башталышы мамлекет түштүгүнө кайрадан газ бериле баштоодо президенттин эч кандай тиешеси жоктугун, ал тургай, кабары да болбогонун көрсөтүп турат.

А бирок, расмий өкмөт бул иште Алмазбек Атамбаевдин катышканын далилдөөгө аракет кылууда.

Отун энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Нурбек Элебаевдин “Кабар” агенттигине билдиришинче, Россия президенти Владимир Путин Алмазбек Атамбаевдин суранычы боюнча газ проблемасын чечүүгө жардам берген.

Анын айтымында, өткөн жылдын 30-декабрында Россиянын “Газпром” компаниясы өзүнүн “Gazprom Schwiz AG” компаниясы аркылуу Кыргызстандын түштүгүнө газ жеткирип берүү боюнча Өзбекстан менен келишим түзгөн. Бул келишимге ылайык күн сайын 100 миӊ куб метр газ жеткирип берилет. Ушул маселе Россия президентинин Өзбекстанга жумушчу сапары маалында чечилген.

“Буга чейин биздин президент Россияга болгон сапары маалында ушул маселени көтөргөн эле”, – деди Нурбек Элебаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here