Франция президенти Француа Олланд Сирия режими 2013-жылы химиялык куралдарды ишке салган кезде Сирия маселесине аралашпагандыгына бушайман экендигин билдирди.
“2013-жылы Сирияда химиялык куралдар ишке салынган кезде Сирия маселесине аралашпаганыбызга бушайман болуп жатам. Биз аралашпадык, мына эми каршыбызда ИШИМ турат. ИШИМдин Асадга байланышы бар экендиги туурасында изилдеп жатабыз”, – деди Франция президенти.
Франциядагы ири радио канал болуп эсептелген “Frantsiya Inter” радиосуна интервью берген Олланд Сирия режимин шайтанга окшотту.
Франция президенти журналисттин “Франция ИШИМге каршы күрөштө Башар Асад менен кызматташабы же жокпу” деген суроосуна: “Бул сыяктуу алакалардан алыс туруу абзел. Шайтан менен кызматташсаӊыз Теӊирдин жардам бериши мүмкүн эмес”, – деп жооп берди.
Бирок, Олланд Асад режимин курал-жарак, согушкерлер жана каражат менен ачык эле камсыздап келе жаткан жана Асаддын бийликтен кетишине таптакыр жол бербестигин билдирген Иран тууралуу айтып, өзүнүн кайсы тарапта экендигине ишара кылды.
“Иран мамлекети Иракта жана Сирияда туруктуулук уланышы үчүн биздин маанилүү өнөктөшүбүз”, – деди Олланд.
Бирок, Олланддын баса белгилешинче, Франция Сирия муътадил оппозициясын колдоп-кубаттоого мажбур.
О.э. ал Сириядан агып келип жаткан качкындарды Европага киргизбестик үчүн чегараларды бекемдөө керектигин билдирди. Францияга караганда Германия жана Швеция көбүрөөк качкындарды кабыл алгандыгына көӊүлдү бурган Олланд качкындардын Европага кирип келишинин алдын алуу үчүн бир саясатка муктаждык бар экендигин айтып өттү.
Туркистон:
Европада уланып келе жаткан (исламофобия), Ислам жана мусулмандарга каршы раъй оммду пайда кылуу кампаниясынын алдыга койгон максаттары айкындашып барууда.
11-сентябрь окуясынан АКШ Ирак жана Афганистанды басып алуу үчүн пайдаланганы сыяктуу, исламофобиянын күчөтүп барылышынан Батыш да, мусулман дүйнөсүн изоляциялоо т.а. өз аймактарын мусулмандардан тазалоо жана аларга өз өлкөлөрүндө зулум кылып жатышканда табигый түрдө пайда боло турган качкындар проблемасын башка тараптарга багыттоо, же биротоло өз мойнуна милдет кылып алуудан баш тартуу сыяктуу маселелерин чечип алмакчы. Куфр дүйнөсү мусулмандарга катуу зулум кылуунун астында коомчулуктун рухун Ислам жана мусулмандарга каршы багыттайт. Ошону менен алар эми ишке ашырууну пландаштырып жаткан карасанатай операциялары үчүн чөйрө даярдап жаткан болушат. АКШдагы 11-сентярь окуясынын акыбеттери, Өзбекстанда 16-февраль окуясынын артынан Каримов режими он миңдеген мусулмандарды камакка алып же дайынсыз жок кылып жибергени, Россиянын Дубровкада НОРД ОСТ деген аталыш менен баскынчылык уюштурушу, андан кийин Бесланда мектеп окуучуларынын өлүмү менен аяктаган баскынчылык уюштурулушу жана дагы бир нече теракттардын артынан Путин өз даражасын бекемдеп, Россияда авторитардык режим орнотуп алганы, Кыргызстанда 2010-жылы улуттар аралык согуш уюштурулуп, анын артынан Россия убактылуу өкмөттү бийликте кармап калганы, дагы башка миңдеген мисалдарды келтирүүгө болот. Ушул ыпылас ыкма үстүбүздөгү ыпылас куфр системасы тарабынан тынымсыз кайталанып келүүдө.
Эми исламофобия атамасын ойлоп табышты. Бул атаманы алар өз кызыкчылыктарына ылайык өнүктүрүшөт же убактылуу тизгиндеп турушат. Бирок, бул түшүнүк алардын коомдорунда бар болуп турганына же өнүгүп бара жатканына өздөрүн айыптуу сезишпейт. Тескерисинче, бул түшүнүктү да, улутчулдук, расизм түшүнүктөрүнүн катарына кошуп, ыӊгайлуу учурду аӊдып бардыгын көзөмөлдөп турушат.
Бирок, биз мусулмандар аларды өзүбүз үчүн таяныч деп билебиз. Жогорудагы ыпылас пландарын билип туруп билмексен болуп, алар менен бирге жасалма айыптууларды издейбиз. Алардын майрамдарын алардын өзүнөн да ашып түшүп майрамдайбыз. Аларды ыраазы кылуу максатында өлкө байлыктарын арзан баага сатабыз. Алардын биринен коргонуу максатында, экинчисине кордук менен жалтактап жашайбыз. Ооба бирөө жарымыӊар “биз алардан тазабыз, себеби, ыраазы эмеспиз” деп айтарсыӊар, “бирок, унчукпай туруу ыраазылыктын белгиси болуп эсептелет”!