Өзбекстан канкору Каримов ислам жана мусулмандарга каршы кеңири көлөмдүү күрөш башташынын алдында 1999-жылы 16 февраль “теракт”тарын ойлоп тапкан жана өзүнүн бул планын кандайдыр мааниде ийгиликтүү ишке ашырган эле.
Жогорудагы “теракт” жүз бере турган күнү Министрлер мекемеси имаратында 1998-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өтүшү керек болчу. Биринчи жардыруу президент Каримов келишине 10 мүнөт калганда т.а. саат 10.45те мына ошол имараттын алдында ишке ашырылды. Ошондон кийин Ички иштер министрлигинин, Улуттук банктын, “Искра” кинотеатрынын алдында жана Яккасарай районундагы короодо жардыруу болду. Расмийлердин билдирүүлөрүнө ылайык, бул окуялардын натыйжасында 16 адам набыт болгон жана 100 дөн ашуун адам жарадар болгон.
Окуя жүз бергенден 10 мүнөт өтпөстөн Каримов “ар кандай кооп-коркунучту унуткан абалда” окуя болгон жерге жетип келген жана жүз берген окуя туурасында эч кандай маалыматтар аныкталбай туруп, бул иштердин артында “колуна курал алган радикал динчилдер” тургандыгын айтып, айыптууларды да эсептеп өтүүгө жетишкен болчу. Президенттин артынан Өзбекстандын ички иштер министри Закир Алматов жана улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Рустам Иноятовдор телевидениеге чыгышып, алдын ала даярдалган билдирүүнү таркатышкан эле.
Ошондон кийин Өзбекстанда көрүнүктүү оппозиционерлерге жана мусулмандарга карата аёосуз күрөш башталган о.э. мунун артынан он миңдеген мусулмандар куугунтукталып кысымга кабылышты.
2015-жылдын 7-январында Франциянын борбору Париж шаарында да кудум ушундай сценарий кайталанды. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, 7-январь күнү пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллаху алайхи ва салламды карикатура аркылуу шылдыӊдап келе жаткан “Шарли Эбдо” журналына автомат жана гранатомёттор менен куралданган “террорист”тер чабуул кылып, журналдын 10 кызматкерин жана эки полициячыны атып кетишкен эле.
Франция президенти Франсуа Олланд да Каримов сыяктуу “эрдик” көрсөтүп, окуядан жарым саат өтпөстөн окуя болгон жерге жетип келди. Акыйкатта болсо, бардык коопсуздук чаралары көрүлбөгөн эле. Ал жерге алыстан башкарылуучу бомба коюлган болушу, же снайперлер аӊдып турган болушу же кайрадан террористтик чабуул уюштурулушу мүмкүн эле. Мындай абалда президенттин коопсуздугун камсыздоого жооптуу болгон сакчылар ар кандай абалда да Олланддын бул жерге келишине жол бербейт эле. А бирок, кайрадан чабуул болбостугу анык болгондугу, бул иштер атайын түзүлгөн сценарий боюнча жүрүп жаткандыгы себептүү да Олланд “эч нерседен коркпостон” окуя болгон жерге келди жана жүз берген окуяны “теракт” катары баалады.
Мындан тышкары, дароо эле бул терактты ишке ашырууда мусулмандар айыптуу экендиги жарыя кылынды. Акыйкатта болсо, террорчулар маска кийип алган болуп, алардын жүзүн эч ким көрбөгөн эле. Бирок, полиция бул иштин артында мусулмандар тургандыгын билдирди. Полиция чабуул кылгандар “Аллаху Акбар” жана “Биз пайгамбар үчүн өч алдык” деп кыйкыргандарын далил катары келтирди.
Дагы бир таӊ калычтуу жери, журналга чабуул уюштурган ага-ини Шариф менен Саид Куашилер чабуулдан кийин беймарал качып кетишкен о.э. кудум 2001-жылы 11-сентябрда асман тиреген эки имаратты жер менен жексен кылган “террорчу”лардын биринин паспорту сакталып калганы сыяктуу, алар качып кетишкен автомобилде өздүгүн тастыктоочу документтерин унутуп калтырышкан.
Париждин түндүк-чыгышындагы Жаммартэн-ан-Гёль районундагы бир складда жашынган ага-ини Куашилердин бири Шариф склад колго алынышы жана өздөрү полиция тарабынан атып өлтүрүлүшүнүн алдында “BFM TV” француз телеканалынын журналисти менен телефон аркылуу байланышып, өздөрүн “Ал-Каида”нын Яман бөлүмүнүн мүчөлөрү катары тааныштырып, алда качан эле шейит болуп кеткен Анвар Авлакийдин буйругун аткаргандыктарын билдирген.
Келтирилген бул далилдер, жүз берген окуялар алдын ала даярдалган сценарий боюнча жүргөнү Франция өзүнүн мыйзамдуу акысы деп эсептей турган Ливан жана Сирияга кайтуу үчүн ойлоп табылган аракеттен башка нерсе эмес. Себеби, бүгүнкү күндө “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы күрөшүү үчүн АКШ башчылыгында түзүлгөн эл аралык коалицияга да Франция тартылбаган о.э. президент Олланддын “Сирия маселесине аралашпаганына өкүнүч билдиргени” бекеринен эмес.
Каримов өзү уюштурган 16-февраль окуясынын артынан, АКШ болсо өзү уюштурган 11-сентябрь окуясынын артынан Ислам жана мусулмандарга каршы аёосуз күрөш баштаганы сыяктуу, 7-январ “терактын” да бул күрөштү ого бетер күчөтүүгө кызмат кылышы анык.
Бүт дүйнө мусулмандары биригип өздөрүн коргоочу калкан болгон Халифалык мамлекетин тикелегенге чейин ар кандай паскеч жана төмөн кимселер Исламий баалуулуктарды акаараттоого батына беришет. Мусулмандар болсо өздөрүнө каршы ишке ашырылып жаткан кыргындардын курмандыгы болуп кала беришет.