Олланд: Россияга каршы киргизилген санкциялар бекер кылынышы керек

331
0

Франция президенти Француа Олланд Украина кризисин чечүүдө алдыга жылуу жүз берген күндө Россиядан санкцияларды алып таштоо керектигин билдирди. Олланддын айтымында, Россия президенти Владимир Путин Украина чыгышын Крым сыяктуу өзүнө кошуп алмакчы эмес, тескерисинче, анын негизги максаты Украинанын НАТОго мүчө болушуна тоскоолдук кылуу.

Президент Олланд 5-январь күнү Франциянын “France inter” радиосуна бергенинтервюсунда “Путин Украина чыгышын кошуп алмакчы эмес. Бул тууралуу мага анын өзү айтты. Мен аны тастыктабашым мүмкүн, бирок, бул Крым эмес. Ал Украинанын НАТОго мүчө болушуна каршы”, – деди.

Ошол эле убакта Франция президенти Россия өкмөтү Украина чыгышындагы жикчилдерди колдоп-кубаттоону токтотушу жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматташы керектигин баса белгиледи. О.э. Олланд Украина кризиси чечилишине Европа да кызыкдар экендигине ишара кылды. Себеби анын баса белгилешинче, Россияга каршы киргизилген санкциялар Европа экономикасына да терс таасирин тийгизет.

“Россияда кризис жүз берсе, бул Европа үчүн жакшылык болушун түшүндүрбөйт. Менимче, санкцияларды бекер кылуу керек. Бул жаатта өзгөрүш болсо санкциялар токтотулушу керек. Эгерде өзгөрүш болбосо, санкциялар да өз күчүндө кала берет”, – деди президент Олланд.

Франция президенти 15-январда кризисти чечүү үчүн Астана шаарында өткөрүлө турган жыйын тууралуу да айтып өттү. Олланд жолугушууда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу бул жаатта алдыга жылуулар болушунан үмүттөнө тургандыгын билдирди.

“15-январь күнү Астанага бир гана шарт менен барамын. Ал абалды жөнгө салуу боюнча кандайдыр бир жыйынтыктын болушу. Бирок, мен кандайдыр бир жыйынтык болот деп ойлоп жатам”, – деди Француа Олланд.

Бирок, АКШ ал жыйынга катышпайт. Бул тууралуу мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жен Псаки 5-январда уюштурулган маалымат жыйынында билдирди. АКШ өкүлүнүн айтымында, Москва менен Украина чыгышындагы жикчилдер ок атууну токтотсо гана санкциялардын айрымдары бекер кылынат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here