НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ УКРАИНАГА БАРАТ

297
0

“Ак орда” маалымат кызматынын кабар беришинче, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 22-декабрь күнү Украинага жумушчу сапар менен барат.

Кабарда: “Казакстан президенти 22-декабрга пландаштырылып жаткан расмий сапарынын алкагында Украина жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт”, – деп айтылат.

Белгилүү болгондой, 23-декабрь күнү Москвада Россия, Казакстан, Армения, Белорусия, Кыргызстан жана Тажикстандын президенттеринин катышуусунда ЖККУ Коллективдүү коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтөт.

О.э. Россия, Казакстан, Армения, Белорусия жана Кыргызстандын мамлекет башчылары даражасында Евразия экономикалык Жогорку кеңешинин жыйыны да болот.

Болуп өтүүчү бул жыйындарга “куру кол” барууну каалабаган Нурсултан Назарбаев Россия менен Батыш мамлекеттери ортосунда пайда болгон карама-каршылыктардын “себепкери” Украинага жумушчу сапар менен барып, Украина менен Россиянын ортосунда дагы бир жолу ортомчулук кылууга жана бул аркылуу Россияны батып калган баткагынан куткарууга аракет кылып көрмөкчү болууда. Себеби, бүгүнкү күндө Казакстан да Россия менен бир кемеде болуп, Россияга каршы колдонулуп жаткан жаткан экономикалык санкциялар Казакстанга да зыянын тийгизип жатат.

Нурсултан Назарбаев мурда да Батыш менен Россия ортосунда ортомчулук кылуу милдетин аткарган, 5-декабрь күнү Астанага эки күндүк визит менен келген Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолугушканда Украинадагы кризис маселеси да өз алдынча талкууланган, жолугушуудан кийин түн жарымында Нурсултан Назарбаев Владимир Путин менен эки мамлекеттин кызматташтыгына байланыштуу маселелерди телефон аркылуу сүйлөшкөн эле.

Ошондон кийин Франциянын президенти Франсуа Олланд 6-декабрь күнү Парижге кайтып бара жатып Москвада токтоп, Путин менен 2 саатка жолугушкан, жолугушуудан кийин эки президенттин Внуково-2 аэропортунда өткөрүлгөн жолугушуусу пайдалуу болгону, Украинадагы кризис тынчтык жолу менен чечилиши жөнүндө пикир алмашканы туурасындагы кабарлар пайда болгон эле.

Мындан тышкары, Украина президенттик админстрациясынын өкүлү Валерий Чалый жакын арада Россия президенти Владамир Путин менен үч тараптуу сүйлөшүүлөр башталышы мүмкүн экендиги туурасында кабар берип, бирок, үчүнчү тарап ким болушун ачыктабаган эле. Бүгүнкү кабардан болсо, үчүнчү тарап Казакстандын президенти Назарбаев экендиги белгилүү болду.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here