27-майдан бери Ош – Эркечтам жолун тосуп турган экс-спикер Акматбек Келдибековдун тарапкерлери ага карата колдонулган баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууну талап кылып жатышкан эле. Бүгүн болсо алар дагы бир талапты коюшту. Т.а. Кыргызстандын башкы прокурору Аида Салянованы кызматтан кетирүү талабын коюшту. Бул тууралуу “24.kg” маалымат агенттигине Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарбашев билдирди.
Анын айтымында, Ош – Эркечтам жолу автомобилдер өтүшү үчүн жабык бойдон калууда. “Кечээ биз райондун акими жана райондук ИИБ башчысы менен бейтарап аймакта сүйлөштүк. Алар бизди жолду ачууга көндүрүү үчүн келишти. Биз да өз кезегинде аларга талаптарыбызды айттык. Башында биздин бир гана талабыбыз бар болуп, ал талап Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу болчу. Эми дагы бир талап пайда болду, бул – Аида Салянованы кызматтан кетирүү. Ал тургай, парламент да Келдибековдун чыгарлышын колдойт, Эсептөө палатасы да ал (Келдибеков) спикер болуп иштеген убактагы ишмердүүлүгүнөн эч кандай мыйзам бузууну таппаган. Аида Салянова гана анын чыгарылышына каршы жана камакта калышын катуу талап кылууда”- деди Карим Сарбашев.
Ош областынын губернатору Сооронбай Жээнбеков жана Ош областтык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков 9-июнь күнү Келдибековдун тарапкерлери менен жолугушуу үчүн Гүлчөгө барышты.
Ош областтык ИИБ маалымат кызматынын кабар беришинче, автотрасса тосулган жердеги боз үйлөрдүн саны 15 ке жеткен. Жол тосуп коюлганы себептүү 200дөн ашык жүк ташуучу машина чогулуп калган. “Алардын 139у “Эркечтам” бажы постунда, дагы 80 жүк машина тосулган жолго жакын жерде турат”.
Акцияны уюштуруучулардын айтымында, күндүзү нааразылык акциясына 500гө жакын адам чогулуп жаткан болсо, түнкүсүн 1000ге чейинки адам чогулууда.