АТАМБАЕВ ЖЫЛДЫК МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ

318
0

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 27-декабрь күнү өткөргөн 4 жылдык маалымат жыйынына жергиликтүү жана чет элдик болуп, жалпысынан 140 журналист катышты.

Жогорудагы маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди, ошону менен бир катарда Өзбекстан тарабынан мамлекеттин түштүгүнө газ жеткирип берүү токтотуп коюлушуна тиешелүү суроого жооп берген Атамбаев, мурунку президенттер Өзбекстан менен эки жашыруун келишимге кол коюшкандыгын айтып өттү.

Атамбаев: “Мен силерге Акаев эмесмин, Бакиев эмесмин. Бизде Өзбекстан менен эки жашыруун келишим бар -2001-жылдан 2008-жылга чейин”, – деди.

Сөзүн уланткан Атамбаев, Кыргызстан менен газ жана жолдорду тосуп коюу аркылуу эмес, тескерисинче теӊ ата мамиледе болуу зарыл экендигин айтып өттү.

“Чегара боюнча талаштуу абалдар Кыргызстан менен газ жана жолдорду тосуу жолу аркылуу эмес, теӊ ата мамиледе сүйлөшүүлөр жолу аркылуу сүйлөшүлгөндө гана чечилет”, – деди президент.

Анын айтымында, Кыргызстандын калкы кошуналардыкы сыяктуу 30 миллион эмес, 6 миллион болсо да, а бирок, “биз да эгемендүү мамлекетпиз жана биз өз кызыкчылыктарыбызды коргойбуз” деди о.э. Кыргызстан чегараларды бекемдөөдө акчасын аябай тургандыгын белгилеп өттү.

Мындан тышкары журналисттердин суроолоруна жооп берген Атамбаев башка мамлекеттердин жетекчилери менен болгон мамилесине да токтолуп өттү.

“Мамлекеттин тышкы саясаттагы багыты оболу Кыргызстандын кызыкчылыктарына байланыштуу. Мамлекет жетекчилери менен болгон мамилелер проблемаларды, биринчи кезекте экономикалык маселелерди чечүүдө кандайдыр мааниде мүмкүнчүлүк берет. Албетте, ал үчүн биз кызматташып жаткан мамлекет жетекчилери менен жакшы мамиле кылуу зарыл болот”, – деди Атамбаев.

Анын баса белгилешинче, ар дайым эле анын өтөөсүнөн чыгуу кыйын, бирок, анда мындай абалдар өтө аз. “Балким бир же эки андай абалдар болушу мүмкүн. Мен бардык мамлекет башчылар менен жакшы мамиледемин. Себеби, мен үчүн биринчи милдет – бул мамлекеттин кызыкчылыгы, Кыргызстандын пайдасы. Качан гана мамлекеттин кызыкчылыгын ойлосоӊ, ошондон келип чыгып бардык милдеттер аткарылат”, – деди.

Евразия экономикалык биримдиги туурасындагы суроого жооп берген Атамбаев: “Кыргызстандын бажы төлөмдөрүндөгү үлүшү 1,9 пайызга барабар болуп. Бул 450 миллион долларга жакын” экендигин айтып өттү.

Кыргызстандагы диний кырдаал тууралуу токтолгон Атамбаев, “биз диний тармактагы кырдаалды тез арада тартипке салабыз” деди.

Атамбаев:“Дин тармагында 2014-2020-жылдарга болжолдонгон мамлекеттик саясат үстүбүздөгү жылда жетишилген маанилүү баскыч болуп эсептелет. Бул саясаттын динге карата жаӊыча жандашуусу. Ооба, биз светтик мамлекетпиз жана диний жетекчилер мамлекеттик башкарууга аралашуу укугуна ээ эмес, биз диний тармактагы кырдаалды тартипке салабыз, себеби, айрым мамлекеттерде жүз берип жаткан нерселердин бизге кереги жок. Албетте, адам укуктары жана ишеним эркиндигин эсепке алган абалда”, – деп белгилеп өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here