Катар амири шайх Тамим бин Хамад ас-Саний расмий сапар менен Түркияга келди. Жолугушуулар маалында биринчи орунда Сирия маселеси, андан кийин экономика жана энергетика маселелери боюнча сүйлөшүүлөр болду. Эки жетекчи жабык эшиктер артында жана комитеттер арасында жолугушууларды өткөргөндөн кийин ортодогу бир катар келишимдерге кол коюлду жана маалымат жыйыны уюштурулду.
Маалымат жыйынында Катар-Түркия ортосунда жогорку даражадагы комитет түзүлдү жана аскерий кызматташуу туурасындагы келишимдерге кол коюлду.
Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган: “Кол коюлган келишимдин жардамында мындан кийинки мезгилдерде да бир нече иштерди кызматташтыкта ишке ашырууну анык белгилеп алган болобуз… Жогорку даражалуу комитет түзүлүшү да өтө маанилүү”, – деди.
Катар жана Түркия ар дайым бири-бирине таяныч болуп келгендигин айтып өткөн Эрдоган эки мамлекеттин ортосундагы алакалар келечекте да улана тургандыгын билдирди.
Эрдоган: “Эч бир маселеде келишпестик болбоду. Ар дайым бири-бирибизге таяныч болуп келдик, мазлумдардын жанында болууну да биргеликте тандадык. Мындан кийин да ушундай улантабыз. Ирак жана Сириядагы окуялардын өнүгүшү Палестина, Ливия, Тунис жана Кибрис үстүндө талкуу жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берди. Кызматташтыгыбызды үзгүлтүксүз улантабыз”, – деди.
Катардын амири да эки мамлекет ортосундагы алакалар жана жетишилген утуштар тууралуу сөз кылып, Сирия маселеси дагы деле чечимсиз калып жатканына басым жасады.
Катар амири шайх Тамим бин Хамад ас-Саний: “Сирия маселеси чечилишинин тарапкерибиз. А бирок, чечимден дайын жок. Бул чечим калктын жанында туруу менен гана болот”, “Өзүӊөр билгендей, бир нече кооптуу топтор бар”, – деди.