АТАМБАЕВ МОСКВАГА ЖӨНӨП КЕТТИ

258
0

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 23-декабрь күнү Москва шаарында болуп өтүүчү ЖККУнун кезектеги жыйынына катышуу үчүн 22-декабрь күнү жумушчу сапар менен Москвага жөнөп кетти.

Ошону менен бирге, жогорудагы сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык биримдигинин кезектеги жыйынына да катышат. Жогорудагы жыйында Атамбаев Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылдын 1-январынан баштап кириши туурасындагы документке кол коюшу керек болот.

Бирок, Кыргызстан өкмөтү бул биримдикке мүчө болушу керекпи же жокпу деген маселени бүгүнкү күнгө чейин анык белгилеп албаган окшойт. Министрлер кабинети 20-декабрь күнү мамлекеттин Евразия экономикалык биримдигине кошулушу туурасындагы келишим долбоорун кароону кийинкиге калтырганы туурасында кабарланган, а бирок, премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул жаатта сүйлөшүүлөр уланып жаткандыгын билдирген болсо да, документтин эмне үчүн даяр болбогондугу себептерин ачыктабаган эле.

22-декабрь күнү министрлер кабинети жабык эшиктер артында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши туурасындагы документти тастыктаганы жана карап чыгуу үчүн парламентке тапшырганы, бирок, парламент келишим долбоорун карап чыгууну четке какканы кабарланды.

Кийинчерээк, президент Москвага учуп кетишинен бир нече саат мурда парламент кезексиз отурумда – бул да маалымат каражаттарынын катышуусусз – келишим долбоорун тастыктаганы белгилүү болду.

Депутаттардын айтымында, министрлер кабинети бардык керектүү болгон документтерди сунуштаган жана документтин маанилүүлүгүн түшүндүрүп берген.

Ошентип, Кыргызстан калкынын тагдырын чечиши керек болгон документтин долбоору жарым күндө министрлер кабинети жана парламент тарабынан тастыкталып, президент менен бирге Москва шаарына жөнөтүлдү. Эртеӊ 23-декабрь күнү төрт мамлекеттин президенттери бул документке кол коюшат.

Учурда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болушу боюнча келишимдин текстин министрлер кабинети, Жогорку Кеӊештин депутаттары жана президенттен башка эч ким көргөн жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here