Афганистандын борбору Кабулда бүгүнкү күнгө чейин афган күчтөрүн жана НАТО аскерлерин күйүүчү май менен камсыздап келген танкерлер терминалы жуманын түнүндө Талибан мужахиддери тарабынан чабуулга дуушар болду. Ракеталар менен чабуул кылынган терминалда чыккан чоӊ өрт себептүү 400дөн ашык танкерлер жараксыз абалга келгендиги айтылууда.
Кабул полициясынын маалымат катчысы Хашматулла Станизай берген билдирүүсүндө өрттүн себеби анык эместигин айтып, учурда полиция өрттүн себептерин териштирип жаткандыгын билдирди.
А бирок, башка булактар болсо бул терминалга Талибан мужахиддери тарабынан эӊ эле бери дегенде төрт ракета атылгандыгын айтып жатышат. Бир нече танкерлердин ракеталар аркылуу жардырылышы башкаларынын да удаама-удаа күйүп кетишине себеп болгон.
Талибандын маалымат катчысы Забихуллох Мужахид да өз билдирүүсүндө Афган күчтөрүн жана НАТО аскерлерин күйүүчү май менен камсыздап келген танкерлер терминалына чабуул кылгандыктарын жана чыккан өрт себептүү көптөгөн танкерлер күйүп кеткендигин билдирди. Талибандын өкүлүнүн айтымында, окуя болгон жерде бир нече НАТО аскерлери да өлтүрүлгөн.
Окуяда 650 танкердин 400ү өрттөнүп кеткендигин Кабул полициясынын маалымат катчысы Хашматулло Станизайдын өзү да моюнга алды.
“Афган күчтөрүн жана НАТО аскерлерин күйүүчү май менен камсыздап келген танкерлер терминалында 650 танкер бар болчу. Зыян жете элегинде 250 танкерди терминалдан алып чыгууга жетиштик, 400 танкер болсо күйүп кетти”, – деп билдирди Станизай.