Фергюсон шаарындагы Америка полициясынынаракеттери бир катар мусулман мамлекеттер, ошону менен биргеТүркия жана Иран тарабынан сынга алынды. Жогорудагымамлекеттердинбийликтери Обама админстрациясынэки жактуусаясат жүргүзүүдө жана расизмде айыпташты.
АКШнын Миссури штатында жайгашкан Фергюсон шаарында 9-август күнү кара түстөгү куралсыз жаш жигитатып өлтүрүлгөн болчу. Ишке ашырылган бул адам өлтүрүүэлдин арасындакүчтүүнааразылык козгоп, массалык башаламандыктар келип чыгышынасебеп болгон.Демонстрацияны таркатуумаалында полициячылар негизсиз түрдө катуу чараларды колдонгон эле. Мына эки аптадан берибашаламандыктар токтобой жатат жана АКШнын башка аймактарга таркап кетишинин ыктымалы күчтүү. Анткени, көптөгөн шаарларда Фергюсон калкын колдогон массалык акциялар болуп өттү. Мындан тышкары кечээ күнү Фергюсондон анчалык алыс болбогон Сент-Луис шаарында дагы бир өспүрүм атып өлтүрүлдү.
Жүз берген кырдаалга жана түрдүү мамлекеттер тарабынан болуп жаткан сындоолорго карабастан, АКШ мамлекеттик департаменти Фергюсондо болуп жаткан башаламандыктарды башка мамлекеттерде жүз берген окуялар менен теӊештирүүнү четке кагуу менен өзүнүн эки жүздүү саясат жүргүзүшүн ачык эле көрсөтүүдө.